Биз менен байланышыңыз

Комузчу Нурзат Орозалиева дүйнө салды

Кыска кабар | 10 Ноя 2019 | 9265 | 0

Комузчу Нурзат Орозалиева оорудан улам каза болду. Бул тууралуу анын жакын санаалаштары билдиришти.

Нурзат Орозалиева кыргыз элине комузчу жана күүчү катары таанымал. Ал бир канча күүлөрдүн автору жана кыргыз айымдарынын ичинен алгач ирет күү чыгарганы менен да белгилүү.

Комузчу Нурзат Орозалиева акыркы мезгилде Кыргыз улуттук консерваториясында эмгектенип келген. Ал жакында эле 44 жашка чыккан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM