Биз менен байланышыңыз

Бешиктеги баланын бек болорун ким билет?

Блог | 29 Окт 2019 | 2322 | 1

“БОЛОР БАЛА” деген аталыштагы китеп түрк тилинен кыргызчага которулуп “Жамгыр” басма үйү тарабынан жарык көрүп, сатыкка чыккан.

Азыркы күндө эң курч, татаал көйгөйлөрдүн бири – баланы тарбиялоо, ага татыктуу билим берүү.  Бул китепте тарбия берүүдө мугалимдин, ата-эненин, ошондой эле баланын да жоопкерчиликтери тууралуу баяндалат.

Бул китепти окуу менен мугалимдер, үй-бүлө мүчөлөрү окуу жана окутуу боюнча өз милдеттерин билишип, стереотип болуп калган ойлордон алыстайт.

Китеп 7 бөлүмдөн туруп, алгачкы бөлүмү “Мындан биз күткөн адам чыгабы?” деп собол таштап, китеп ошонун тегерегинде кеп козгоп келип, акыркы 7-бөлүмүндө “Бул баладан адам чыгат” деп жыйынтыкталат.

Бул китеп ата-энелерге, педагогдорго, мектеп окуучуларына жана бардык китеп сүйүүчүлөргө арналат.

Китептин автору туркиялык психолог Хакан Метан. Китеп 207 бет.

Анда эмесе, “Болор бала” сиздин балаңызды, окуучуңузду жана өзүңүздү тарбиялай турган пайдалуу жана кызыктуу китеп болот деп ишенебиз.

1 пикир

1 пикир

  1. Уларбек

    17.01.2020 23:41

    Китепти кайсыл жерден сатып алса болот?

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM