Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков «Toshiba» компаниясынын заводуна барды (сүрөт)

Кыска кабар | 23 Окт 2019 | 426 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-октябрда, Японияга иш сапарынын алкагында Токио шаарындагы «Toshiba Energy Systems and Solutions» компаниясынын башкы кеңсесине жана заводуна барды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Компаниянын жетекчилиги менен баарлашууда Президент Кыргызстан менен Япониянын эки тараптуу экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү жаатында инфраструктуралык жана гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу багыттары актуалдуу экенин белгиледи.

«Биз «Toshiba“ корпорациясынын ишмердиги менен жакшы таанышпыз. Өлкөнүн чоң гидроэнергетикалык потенциалын эске алып, япон тарап, анын ичинде сиздин компанияңыз менен да бул багытта биргелешкен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз», — деди Сооронбай Жээнбеков.

«Toshiba» корпорациясынын Президенти Сатоши Цунакава компаниянын тарыхы жана ишмердиги жөнүндө кеңири айтып берди. Ал 80% энергиясы гидроэлектростанцияларда иштелип чыккан Кыргызстандын гидроэнергетикалык бай ресурстары жөнүндө маалыматы бар экенин белгиледи.

«Toshiba Energy Systems and Solutions» компаниясы — «Toshiba Corporation» ири трансулуттук корпорациясынын бир бөлүгү болуп саналат жана энергетикалык системаларды чыгарууга адистештирилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM