Биз менен байланышыңыз

Жашоосу адамдарга өрнөк болгон “МИҢ БИР ТУУГАНДАР”

Блог | 12 Окт 2019 | 1098 | 0

Жашоосу адамдарга өрнөк болгон
“МИҢ БИР ТУУГАНДАР

Балдар үчүн жагымдуу жаңылык!!! Жазуучу-жомокчу Сулайман Рысбаевдын “МИҢ БИР ТУУГАНДАР” деген аталыштагы жомок-повести “Жамгыр” басма үйү тарабынан жарык көрүп, сатыкка чыкты.

Автордун бул жаңы чыгармасында аарылардын бир үй-бүлөсүнүн турмушу аркылуу адамдардын образы көркөм чагылдырылган. Ата-эненин алдындагы баланын милдети, алардын мүнөзү, кыял-жоругу, үй-бүлөнү сактоо, адам турмушундагы ач көздүк, ичи тардык, жакшылык менен жамандыктын күрөшү, жашоого умтулуу реалдуу баяндоо менен жомоктук нукта эң эле кызыктуу берилген.

“МИҢ БИР ТУУГАНДАР” жомогу 7 жаштан жогорку балдарга окуу сунушталат. Бул жомокту окуганды билген ар бир бала өз алдынча окуса, же аларга улуу адамдар окуп берсе ошончолук жакшы түшүнөт.

Чыгармада аарыларды каармандарга бөлүп, ар бирине ат коюп, окурманга ары кызыктуу, ары түшүнүктүү болуп жазылган.

Альберт Эйнштейн “Эгер балдарыңар акылдуу болушун кааласаңар, анда аларга жомок окуп бергиле. Андан да акылдуураак болушун кааласаңар, анда дагы көбүрөөк жомок окуп бергиле” деп аткандай балдарыбызга жомок окуп берип, дүйнө таанымын кеңейтүүгө жардамчы бололу.

Ошондой эле бир аалым айткан экен: “Балдарга китепти сүйдүрүүнүн али наристе кезинен эле баштагыла. Наристе кезинде аларга китеп окуп бергиле, түшүнбөйт дебегиле. Чынында, бөбөктөр аалым болуп төрөлүшөт».

Анда эмесе, балдарыбызга “МИҢ БИР ТУУГАНДАР” жомогун алып берип, аарылар ааламына саякат кылдыралы!

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM