Биз менен байланышыңыз

Андрей Малахов Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине келди

Кыска кабар | 10 Окт 2019 | 4232 | 0

Орусиядагы кыргызстандык мигранттарды колдоо фондунун директору Тимур Саралаев өзүнүн «Фейсбук» баракчасына Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин имаратына теле алып баруучу Андрей Малахов келгенин жазып чыкты.

«Келиптир элчикке. Акырын эле сүйлөйт экен, «Чоң сабак болду мага», — дейт.

«Кызматташалы Кыргызстан менен», — деп суранды элчиден.

Мен: «Андрей Николаевич, мы кыргызы великодушный народ…», — деп колун катуу-катуу кысып койдум», — деп жазды Тимур Саралаев.

Эске салсак, буга чейин теле алып баруучу Андрей Малахов олигарх Владимир Маруговдун уулу Александрдын өлүмү боюнча «Андрей Малахов менен түз эфирде» телеберүүсүндөгү айтылган сөздөрдөн улам коомчулукта каттуу нааразычылыктар чыгып, акырында Малахов өзүнүн кийинки теле берүүсүнөн кечирим сураган болчу.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM