Биз менен байланышыңыз

Малахов нааразычылык билдирген кыргызстандыктарга жооп кайтарды

Кыска кабар | 27 Сен 2019 | 3535 | 0

Теле алып баруучу Андрей Малахов олигарх Владимир Маруговдун уулу Александрдын өлүмү боюнча «Андрей Малахов менен түз эфирде» телеберүүсүндөгү айтылган сөздөрдөн улам келип чыккан нааразычылыктарга жооп кайтарды. Бул тууралуу ал өзүнүн «starhit.ru» порталына жазды.

Малахов бул берүүдө журналист катары аза-кайгыда турган энени коргоо милдетин аткарганын, ошол эле учурда анын уулу эмне себептен өлгөнүн билүүгө аракет кылганын айткан.

Шоумен укук бузууда, ошондой эле кылмышкерлерде, курмандыктарда улут жана жарандык болбой турганын эске салат.

«Маркумдун апасы Татьяна Маругова бул окуяга байланыштуу «өкүнүчтү» кылмышка шектүү адамдын өз оозунан укпаса да, анын өкүлүнөн укту.  Мен да менин айткан сөздөрүмдү бир катар кыргызстандыктар туура эмес түшүнүп алганына өкүнгөнүмдү билдирем», — деп жазган Малахов.

Ал ошондой эле, тынчтык, акыйкаттык жана сөз эркиндиги үчүн кадамын уланта берерин кошумчалаган.

Copyright © 2017 Maral FM