Биз менен байланышыңыз

ЕАЭБден сырткаркы өлкөдөн келген унаалардын бажы төлөмү 11 эсе өсөт

Кыска кабар | 9 Окт 2019 | 1734 | 0

2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанга ташылып келинген автоунаалардын бажы төлөмү 11 эсеге көбөйөт. Бул тууралуу Мамлекетик бажы кызматын маалымат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 31-декабрында жеке адамдар тарабынан колдонуу үчүн үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келинген транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңилдиги бүтөт.

«2020-жылдын 1-январынан тарта Евразия Экономикалык Комиссиясынын (ЕЭК) 2017-жылдын 20-декабрында кабыл алынган чечими менен бекитилген Кыргызстанда жеке адамдар үчүн транспорт каражаттарына киргизилген тарифтер күчүнө кирет», — деп билдирди Бажы кызматы.

Алсак, 2009-жылы чыккан «Toyota Camry» автоунаасынын (кыймылдаткычынын көлөмү 2,5 миң куб) бажыдан өткөргөн баасы 1 миң 250 доллар (31-декабрь) болсо, 2020-жылдын 1-январынан тарта 13 миң 600 доллар болот.

Copyright © 2017 Maral FM