Биз менен байланышыңыз

«БШК азыркы курам менен шайлоого барса, чоң жаңжал болот»

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Окт 2019 | 1238 | 1

2020-жылкы парламенттик шайлоого 9 пайыздык босого чек менен барсак, партиялардын программалары окшош болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Каныбек Осмоналиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, парламентке өтүү үчүн 9 %дык босого упайда толгон-токой нерселер бар. Расмий бийлик 600 миң мигранттын добуш берүү укугу менен эсептешкен жок. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы азыркы курам менен шайлоого барса, чоң жаңжал болот.

«Партиялык түзүлүштү идеалдуу деңгээлге жеткирүүгө 5-6 жыл керек деген жаңылыш пикир. Биз чыныгы партиялык система түзө элекпиз. Жогорку Кеңешке талапкерлерди шайлоону преференциалдык ыкма менен жөнгө салууга болот», — дейт Осмоналиев.

Кошумчалай кетсек, парламенттик шайлоону добуштарды партияга эмес, партиянын тизмесиндеги ар бир талапкерге берүү эрежеси менен өткөрүү преференциалдык шайлоо ыкмасы деп аталат. Аталган ыкма боюнча эл өкүлдөрү Исхак Масалиев менен Жанарбек Акаев демилгелеген мыйзам долбоору депутаттар тарабынан колдоо тапкан эмес.

1 пикир

1 пикир

  1. алай сарыбай

    09.10.2019 19:35

    Таза шайлоо отбойт. азыркы эле бизнесмендер келет, себеби бул чайкоочу парламентин кайра келиши бийлик учун пайдалуу. чыныгы мыйзам жаза турган И.Кадырбеков. А.Мадумаров дагы ушундай таза кадрлар келсе жакшы болмок.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM