Биз менен байланышыңыз

Нарын районуна чакан ГЭС курулат

Кыска кабар | 9 Окт 2019 | 918 | 0

Нарын районунун Куланак айыл аймагына 100 мегаватт кубаттулуктагы чакан ГЭС куруу мерчемделүүдө. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ГЭС куруу ишин жеке ишкер Куттубай Мурзабаев каржылап, аны «Нарын» өндүрүштүк ишканасы ишке ашырат. Учурда ГЭСтин плотинасы түшө турчу Нарын суусунун жээгинде геологиялык чалгындоо иштери жүрүп жатат. Курулуш 2020-жылы жаз айларында башталып, 3-3,5 жылда пайдаланууга берилери кабарланды.

Белгилей кетсек, мерчемделген ГЭСтин кубаттуулугу Ат-Башы ГЭСинен 2,5 эсе көп болуп, аймактын ирригация тармагына да пайда алып келет. Муну менен катар, 200дөн ашуун жумуш орун түзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM