Биз менен байланышыңыз

Өкмөт Кеңеш айылына жаңы мектеп курат

Кыска кабар | 4 Сен 2019 | 810 | 1

Нарын облусунун Кеңеш айылында убактылуу мобилдик үйдө билим алып жаткан балдар үчүн авариялык абалдагы эски мектептин ордуна жаңысы курулат. Бул тууралуу Өкмөттүн  Нарын облусунудагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева билдирди.

Нарын облусунун Кеңеш айылындагы мектептин имаратынын эскилиги жеткендиктен жана балдар менен мугалимдердин өмүрүнө коркунуч жаратпоо, окуу процессин үзгүлтүккө учуратпоо максатында учурда окуучулар мобилдик үйлөрдө билим алууда. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусунудагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева билдирди.

Жаркын Ибраева эске салгандай, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга чейин Кеңеш айылындагы мектептин имаратынын эскилиги жеткен деген тыянак чыгарган. Анда 160 бала окуйт жана авариялык абалда турат.

«Биз окууну клубдун имаратында убактылуу жүргүзүүнү пландаштырганбыз. Бирок ал дагы авариялык абалда турат. Коопсуздук максатында балдарды убактылуу мобилдик үйлөргө жайгаштыруу чечими кабыл алынган. Суук түшкөндө балдар кыш мезгилинде окутууга кыйла ылайыктуу башка жерге которулат. Кеңеш айылында жаңы мектеп жакынкы мезгилдерде курулмакчы», – деди Жаркын Ибраева.

Ошондой эле Жаркын Ибраева 2-сентябрда Нарын районунун акими Семетей Черикбаевдин убактылуу мектептин ачылыш салтанатына барганы боюнча коомчулукта айтылып жаткан сын-пикирди, албетте, туура кабыл ала турганын айтып, райондук администрациянын жетекчиси мектепке байланыштуу түзүлгөн кырдаалды түшүндүрүү максатында баргандыгын кошумчалады.

Эске салсак, мобилдик мектептин ачылышында тартылган сүрөт соцалдык тармакта кызуу талкууланып, активисттер мектепти ашар жолу менен куруу демилгесин көтөрүп чыгышкан болчу.

1 пикир

1 пикир

  1. Усен

    04.09.2019 12:10

    Мен Салымбековко кайрылат элем эмнеге уялбайсынар Нарындын милионерлери кантип мактаныпижуросунор Борончу деген кудулунар бар тим эле Нарындыкбыз дейсинер колунардан бир кыш коюп койуга кудуретинер жетпейби Ал дагы пример министиринер турат Нарындык уят силерге депутаттарынар турат кокурогун каккылап уят Нарын элине Бишкекте эмне журосунор бир мектеп салалбасанар

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM