Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов Азия чемпиону болду

Кыска кабар , Спорт | 28 Сен 2019 | 1193 | 0

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов Азия чемпионатында алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Кыргызстандын Сууда сүзүү федерациясы билдирди.

Индиянын Бангалор шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында Денис Петрашов брасс стилинде 200 метр аралыкты 2 мүнөт 13,81 секундда сүзүп өткөн.

Ошондой эле, дагы бир кыргызстандык спортчу Лиза Рогожникова күмүш медалга ээ болду. Ал 200 метр аралыкты сүзүү боюнча 2 мүнөт 17,21 секундда келип, жеңүүчүдөн 0,1 секундага артта калган.

Федерация, Азия чемпионаты — миңдеген спортчулар катышкан жогорку деңгээлдеги турнир экендигин, андагы жеңүүчүлөрү дүйнөлүк спорттук элитага кирерин белгилейт.

Кошумчалай кетсек, Денис Петрашов  2020-жылы Жапонияда өтө турган олимпиада оюндарына жолдомо алган.

Кыргызстан Токио-2020 олимпиадасына алгачкы жолдомосун алды

Copyright © 2017 Maral FM