Биз менен байланышыңыз

Экономист: Орусиянын банктык чектөөсү Кыргызстанды кризиске түртөт

Күн чекит | 26 Сен 2019 | 1074 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Жогорку Кеңеште депутат Сагындык Келдибаев Орусиядагы кыргыз мигранттарынан быйылкы жылдын 5 айында былтыркыдан 200 млн долларга аз акча которулганын айтты. Депутат буга эмгек мигранттарынын өлкөгө акча которуусунда чектөөлөр болуп жатканын жүйө келтирди.

Бүгүн Бишкекте өтүп жаткан «Евразия жумалыгы» эл аралык форумунда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Орусиянын акча которууга киргизген чектөөсү ЕАЭБдин талаптарын бузарын белгиледи.

«Марал» радиосуна Орусиянын Новосибирск шаарында котормочу болуп иштеп жүргөн кыргызстандык Минюра Абдуллаева кандай чектөө болуп жатканын айтып берди:

Акча которууларга лимит кое башташты. Мурда лимити жок эле акча жөнөтчүбүз, азыр бир киши бир айда 100 миң рублдан ашык жибере албай калды. Мунун себептерин сурасак, так түшүндүрүшкөн жок. Бизге ыңгайсыз болуп жатат. Башка мамлекеттин жарандарына да ушундай чектөө барбы, билбейм?.. Бирок кыргыздар акча которууда кыйналып жатат. Анан кээде көп акча керек болуп жатканда бирөөлөрдүн паспорту аркылуу жибергенге туура келүүдө. Же болбосо жалпы жарандык паспорт менен бир, ID паспорт менен бир жөнөтүп жатабыз.

Орусиянын сырткы мамлекеттерге акча которууга киргизген чектөөсү Кыргызстандын экономикасына кандай таасир этет? Бул тема боюнча экономист Эркин Абдразаковго суроо узаттык.

Марал: — Биримдик мүчөлөрүнүн укугу бирдей болгон учурда да мындай чектөө эмне себептен кирет?

Эркин Абдразаков: — Кыргызстан ЕАЭБдин карамагына киргенден кийин мындай чектөөнүн кириши – бул, Орусиянын Борбордук банкынын жеке амбициясы деп эсептейм. Орусия — өзүнүн гана кызыкчылыгын коргоп келген өлкө. Андагы эмгек мигранттары экономикасына олуттуу салым кошуп жатышат. Ошол эле учурда, эң оор жумуштарды аткарып, төмөнкү айлык акы алышат. Биз: «Сырттагы мигранттарыбыз жылына 2 млн доллар акча которуп жатат», — деп сүйүнбөшүбүз керек. Тескерисинче, башка өлкөнүн экономикасын көтөрүп жатабыз. Экинчиден, Кыргызстан бардык эл аралык ири уюмдарга мүчө болсо да, укуктарын пайдалана албай жатат. Бирдиктүү валюта, пенсиялык фонд жөнүндө сөз кылуу — бул, жөн гана жомок.

Марал: — Өкмөт башчы «Евразия жумалыгы» эл аралык форумунда Орусиянын акча которууга киргизген чектөөсү ЕАЭБдин талаптарын буза турганын айтты. Бул маселе негизи кандай чечилиши керек?

Эркин Абдразаков: — Өкмөттүн: «Евразия Экономикалык Биримдигиндеги Кыргызстандын өкүлдөрү иштиктүү бир маселе көтөрдү, же кайсы бир көйгөйдү чечти», – деп айтканын уга элекмин. Ал жакка баргандар: жеңил орунга кеткендер; Москвадагы өзүнүн бизнесин өнүктүргөнгө аракет кылгандар; анан кыйынчылык көрбөй чоңойгондор. Ишти билген, тең ата сүйлөшө ала турган кишилер дайындалса туура түшүнөт элем. Мына, Арменияны караңыз, учурда кандай ийгиликтерге жетип жатат. Армениянын өкүлү (ред.: Тигран Саркисян) азыр ЕАЭБдеги башкы катчы болуп отурат. Алардын элинин саны да, мамлекетинин аянты да — Кыргызстандыкынан аз. Биз жок дегенде Орусия берген акчаны жакшы жакка жумшап, бир лаборатория да кура албай жатабыз.

Марал: — Сиз жогоруда мигранттар которгон акчага сүйүнбөй, экономиканын абалын жакшыртуу керек деп айттыңыз. Ошентсе да, азыр эмгек мигранттары которгон акчанын орду чоң. Демек, мындай чектөөлөр бизге кандай таасирин тийгизет?

Марал: — Бизде эл өз арабасын өзү түртүп келе жатат. Орусиянын банкы киргизип жаткан чектөөлөр биздин бюджетибизге таасирин тийгизбейт деп жатышат. Бирок бул өкмөттүн трагедиясы болушу керек. Эгер бул чектөөлөр күчөсө, 2025-жылдарга барганда дүйнөлүк чоң кризистин таасири тиет. Ошондуктан Кыргызстан мигранттарды коргоо маселесин азыртан чечпесе, сырттан келчү акчанын агымы да азаят, элдин жашоо деңгээли да өтө төмөндөп кетиши  мүмкүн. Бизде дүйнөлүк деңгээлге чыгып кете турчу же резерв түзө турган мүмкүнчүлүгүбүз жок.

Copyright © 2017 Maral FM