Биз менен байланышыңыз

Окуучулардын 7 сомдук тамагы депутаттарды тынчсыздандырды

Билим-маданият | 25 Сен 2019 | 1239 | 0

Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында «Жалпы билим берүү мекемелериндеги тамактанууну уюштуруу жөнүндө» мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Анда Кыргызстан боюнча 652 мектепте ысык тамак берилбей турганы, болгону таттуу токоч менен ысык чай гана берилери маалым болду. Эл өкүлдөрү тамакка бөлүнгөн бюджет, балдарга берилип жаткан ысык тамактын сапаты жана берилүү шарттарына кызыгышты. 

Башталгыч класстардын окуучуларына ысык тамак берүү боюнча иш-чаралар өзүнүн актуалдуулугун жана зарылдыгын көрсөттү. Бирок бул мыйзам түрүндө бекитилген эмес. Буга байланыштуу аталган мыйзам долбоору мектептердеги башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак уюштурууну мыйзам менен бекитүү максатында иштелип чыккан.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекованын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө өлкө боюнча 1375 мектепте ысык тамак берилип жатса, 652 мектепте ысык тамак уюштуруу аракети жүрүүдө.

— 1375 мектепте ысык тамак берилет. Ашканалары бар, оңдоп-түзөлгөн, керектүү техника менен жабдылган жана ашпозчуларды алууга жумуш орду ачылган. Бүгүнкү күндө 245 буфет калды. Аларды да акырындан азайтып, ашканага айлантып жатабыз. 652 мектеп азырынча ысык тамак берүүгө өтө элек. Аларда таттуу токочтор жана чай, компот берилет.

Надира Жусупбекованын кошумчалашынча, башталгыч класстагы окуучулардын тамагына жылына бюджеттен 555 миллион сом бөлүнөт. Ар бир окуучуга 7 сомдон каралган, ал эми алыскы райондордогу ар бир окуучуга 10 сомдон каралган. Бишкек жана Ош шаарындагы мектептерге шаардык бюджеттен каражат бөлүнөт.

Эл өкүлдөрү балдарга берилип жаткан тамактын курамына, сапатына да кызыгып, өзгөртүүлөр сунушталганына токтолушту. Депутат Дастан Бекешев балдарга өтө зыяндуу пальма майы менен тамак берилип жатканын айтып, тынчсыздануусун билдирди.

-Тилеке каршы, пальма майын колдонууга тыюу салуу боюнча сунушумду комитет колдогон жок. Биз окуучуларга пальма майы менен тамак берип жатабыз. Бул өтө зыяндуу. Ушул маселени кайра кароо керек. Тыюу салуу керек.

Ал эми эл өкүлү Тазабек Икрамов бир гана өндүрүмдүн аты менен мыйзам чыгаруу экономикага да терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин белгиледи. Ошондуктан окуучуларга тамак берүүдө жалаң жергиликтүү азык-түлүк колдонулуусун талап кылган туура болорун айтты.

-Эгерде биз бир майды атап мыйзам чыгарсак, анда экономикабызга жана башка ушул сыяктуу нерселерге зыянын тийгизет. Менин сунушум, мектептеги балдарга берилген тамакка колдонулуучу жашылча-жемиштер Кыргызстандыкы болсун. «Жергиликтүү гана азыктар колдонулсун», — деп киргизип коюш керек. Мына ошондо гана башка жактан келген майлар, башка тамактар кошулбайт.

Талкууда депутаттар бүгүнкү күндө бир катар мектептердеги ысык тамак берүүнү эл аралык донор уюмдар каржылап келе жатканын айтышып, «Алар көмөк көрсөтүүнү токтотсо, ысык тамак берүүнү өкмөт улантып кете алабы?» — деген маселени да такташты. Аны менен катар эл өкүлдөрү ысык тамак даярдоодо өткөрүлгөн тендерлерде арзан берген компанияга эмес, сапаттуу азыктарды сунуштаган компанияларга басым жасоону сунуш кылышты.

Ошондой эле, талкуунун жүрүшүндө бир топ депутаттар аталган мыйзам долбоордун кемчиликтерине токтолуп, экинчи окууга кайра кайтаруу сунушун беришти. Эл өкүлү Улукбек Ормонов жаш балдарга берилчү тамак болгон соң, кайра кеңири талкуулоо артыкбаштык кылбасын белгиледи.

— Коллегабыз Дастан Бекешев айткан пальма майы комитетте такыр каралбаптыр. Биз балдарга эмне берип жатабыз? Эмне менен тамактандырып жатабыз? Бул мыйзам өтө керек. Экинчиси, биз жазып жатабыз, «мектептерге жер берсин», — деп. Анда мектеп окуучулары кирип иштейби? Же штат киргизилеби? Эмне деген мыйзамдар кирип жатат? Ошондуктан каршы болушпаса, экинчи окууга кайтарып, кеңири көңүл буруп, талкууласак.

Мындан сырткары, эл өкүлдөрү 7-10 сомдук каражаттын көлөмүн көтөрүү зарылдыгын баса белгилешти. Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова бүгүнкү күндө ысык тамак берилбеген мектептерге ысык тамак берүү кезек-кезеги менен жүргүзүлүп жатканын, түзүлгөн «жол картасынын» негизинде 2023-жылга чейин өлкө аймагында окуучуларга ысык тамак берилбеген бир да мектеп калбай турганын айтты.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда колдоо тапты.

Copyright © 2017 Maral FM