Биз менен байланышыңыз

Борбордо өзгөчө урналар орнотулду (видео)

Видео , Кыска кабар | 22 Сен 2019 | 955 | 0

Чет өлкөдө окуп келген демилгелүү жаштар шаарга бөтөлкөнүн формасындагы урналарды орнотуп жатышат.  Аларды эс алуучу жайларга жана соода борборлорунун жанына коюууну туура көргөн. Урналар бөтөлкө салууга ыңгайлуу болуп, элдер дагы бөлүп салууга көнүп бара жатат.

Таштандыларды сорттоо максатында алгач желим бөтөлкө түрүндө урналарды борбор калаага орнотуп баштаганын, ошондой эле башка облустарга да орнотууну пландап жатканын активист Самат Эргешмамет уулу айтты.

  • Турцияда окуп жүргөндө, өзгөчө таштандыны  бөлүп салуу үчун урналар көп эле.  Биз дагы шаарыбызга ушундай урнаны орнотууну чечтик. Башында өзүбүздүн каражатызбыга бир урнаны жасатып орноттук. Андан кийин жергиликтүу ишкерлер кызыктар болуп, өздөрү кайрылышты. Азырынча  10 жерге орноттук, эми дагы 50 жерге орнотобуз. Бирок биз шаарга эле эмес, облустарга да орнотобуз деген пландарыбыз бар. 

Бир бөтөлкө салуучу урна 8 миң сомго жасалат, урнанын бийиктиги 2 метр. Жалпы 60тан ашуун урналар коюлмакчы. Алар болжол менен 2 күндө толот, ал бөтөлкөлөрдү өздөрү алып, кайра иштетүүчү цехтерге тапшырат.

Кошумчалай кетсек, күн сайын тонна таштанды ташталат. Статистикага таянсак бир адам бир күндө 1,5 киллограммга чейин таштанды калтырат. Эми муну 1 айга көбөйтсөк, 40 киллограммдан жогору болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM