Биз менен байланышыңыз

Кожоналиев: Милицияга кескин реформа керек

Күн чекит | 18 Сен 2019 | 663 | 0

Былтыр кыйноо боюнча түшкөн арыздардын 92 пайызы милицияга тиешелүү болгон. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов билдирди. Ал эми Акыйкатчы институтуна кайрылгандардын басымдуу бөлүгү сот бийлигине нааразы экенин айтышкан.

Милиция тарабынан болгон кыйноолор эмне себептен көбөйгөнү жөнүндө мурдагы аскер прокурору Кубатбек Кожоналиевдин пикирин уктук.

Марал: — Кыргызстанда карапайым эл эң көп ички иштер органдарынын кызматкерлеринен жабыркай турганын билдиришкени айтылды. Сиздин оюңузда бул эмнеден кабар берет? Эмнеге ушундай көрсөткүч болуп жатат?

Кубатбек Кожоналиев: — Негизи Кыргызстан эгемендик алгандан баштап эле укук коргоо органдарына, анын ичинде ички иштер органдарына реформа жасоо аракети көрүлүп келет. Бирок көп жылдан бери натыйжасы байкалбай жатат. Кээ бир маселелерде жылыш бар, мисалы, жаңы кодекстер ишке кирди, бир топ аракеттер көрүлүп жатканы менен жетишсиз болууда. Менин оюмда, Ички иштер министрлиги чечкиндүү кадамдарга барышы керек.

Марал: — Ал кандай кадамдар болушу мүмкүн?

Кубатбек Кожоналиев: — Мисалы, дүйнөлүк тажрыйбаны карасак, милицияны муниципалдык жана криминалдык деп эки түргө бөлүшөт. Криминалдык — бул, төмөндөн өйдө борборлоштурулган система болуп эсептелет. Ал эми муниципалдык милиция – жергиликтүү жарандардын коопсуздугу, коомдук жайлардагы тартипти көзөмөлдөйт. Алар жергиликтүү бийлик тарабынан же эл тарабынан шайланат. Аларга отчет берип турат.

Негизи көбүнесе кыйноолор эң төмөнкү звенодо болуп жатат, муниципалдык жагында. Кыргызстан ушундай кадамдарга барышы керек. Мына Грузиянын реформасы жөнүндө билебиз. Ал жерде милиция кызматкерлери 100 пайыз штаттан чыгарылып, кайрадан алынган. Бул абдан эффективдүү жол экенин айтып жатышпайбы. Биз Орто Азияда демократияны жайылтуу жагынан лидер болуп келгенден кийин, ушундай реформаларга барышыбыз керек. Бир гана Патрулдук милицияны кайра-кайра өзгөртө бербей, бардык системага реформа жасаш керек.

Марал: — Милиция кандай учурда кыйноого барат?

Кубатбек Кожоналиев: — Ар кандай учурлар бар. Анын арасында кылмыштын бетин ачуу боюнча көрсөткүч бар (процент раскрываемости), тагыраагы, кылмыштын бетин ачууда ар кандай ыкманы колдонушу мүмкүн. Эгер өзүнүн жетекчилерине жооптуу болсо, бул — дагы бир ыкма. Эл менен иштешкендер да башка ыкманы колдонот. Ошондуктан, майда кылмыштарда кыйноолор көп катталат. Чоң кылмыштардын бетин ачууда азыркы кылмыш кодекстери кыйноолордун алдын алууга мүмкүнчүлүк берет.

Copyright © 2017 Maral FM