Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: Чек ара кызматы тактикалык машыгуу өткөрдү

Коом | 18 Сен 2019 | 534 | 0

Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы Ысык-Көлдө «Бөгөт-2019» деп аталган атайын тактикалык машыгууларды өткөрдү. Анда экстремисттик-террорчул топтордун чек араларды ыктымал бузуп кирүүсүнө каршы күрөшүүнүн жолдору көрсөтүлдү.

А дегенде эле аскер бөлүгүнүн башчысы диний экстремисттик, террордук топтун мүчөлөрү чек араны мыйзамсыз бузуп кирип, аларга бөгөт коюуга тапшырма берди. Кадимки реалдуу окуяларды элестеткен мындай машыгуулар чек арадагы чукул кырдаалдын алдын алууга жана аскер курамынын кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталды.

Бул машыгуу бешинчи жолу өтүп жатат. Мамлекеттик чек ара кызматынын 20-28 аскер бөлүгү менен ѲКМ, ИИМ жана Саламаттыкты сактоо министрлиги биргеликте уюштурган тактикалык машыгуу чет элдиктер көп каттаган аймак үчүн маанилүү экенин Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев билдирди.

— Кудай сактасын, согуш болбой эле койсун. Бирок, кырсык болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Андыктан, мындай машыгуулар кийинкиге жоокерлер үчүн жеӊил болот деген ойдомун. «Ысык-Көл — туризмдин Мекени» деп айтып келебиз. Кырсыктардын алдын алган мындай машыгуулар айрыкча, тоодо жүргөн чет элдиктер үчүн да маанилүү.

Айтмакчы, бул машыгуу 1999-2000-жылдары болгон Баткен коогалаӊын жана 2014-жылы кыргыз-кытай чек ара тозотундагы Пикиртик аркылуу келген душмандардын чабуулун эске салат. Ал ортодо кыргыз-тажик чек арасындагы адам өлүмү менен коштолгон жаӊжал орун алды. Мамлекеттик чек ара кызматынын төраганын орун басары Курманбек Исаков кырдаалга чек коюлмайынча, араздашуу токтобосун моюнга алды.

— Кыргыз-тажик чек арасындагы чырды жөнгө салуу үчүн чек араны түп-тамырынан тактоо керек. Мамлекеттин курамында атайын комиссия түзүлгөн. Демаркация, делимитация болмоюнча, мындай маселе улана берери анык. Ушул маселени жөнгө салып, чек араны тактап берсе, ал жерге жат адамды бир метр да киргизбөө биздин милдет болуп калат.

Мамлекеттик органдардан сырткары, республиканын чек ара коопсуздугун бирдиктүү камсыздап жаткан башка мекемелердин иш-аракети да чоӊ. Негизинен жоокерлерге машыгуу өткөрүүгө жана каралбай калган окуу имараттары үчүн ЕККУ көмөк көргөзүп келерин уюмдун Бишкектеги кеӊсесинин өкүлү Александр Енисеев билдирди. 

— Чек арадагы коопсуздук боюнча Борбор Азиядагы жана Европадагы 57 мамлекетти колдогондой эле, ЕККУ (Европадагы Коопсуздук Кызматташуу Уюму) Кыргызстанга да көмөк көрсөтүп келет. Мисалы, аскер бөлүктөрүнүн окуу имараттарын жаӊылап, машыгууларды байма-бай өткөрүүгө көмөк көргөзүп келебиз. Бул дүйнөдө болуп жаткан диний экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнө, наркозаттарды мыйзамсыз жүргүрткөндөргө чек коюу аракетиндебиз.  

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM