Биз менен байланышыңыз

Лейлек: Ок атышуудан 8 кыргызстандык жаракат алды

Кыска кабар | 16 Сен 2019 | 1878 | 1

Лейлек районунун Максат айылындагы ок атышуудан алдын ала маалыматтар боюнча 2 чек ара кызматкери, Максат айылынын 6 тургуну, анын ичинен 2005-жылы туулган жаш бала жаракат алышкан. Ошол замат Тез жардам аркылуу Кулунду жалпы дарыгерлер-практикалык борборуна жеткирилип, биринчи жардам көрсөтүлгөн соң Лейлек аймактык ооруканасына жөнөтүлдү.

Айыл тургундарынын абалдары орто оордукта, бир чек ара кызматкеринин абалы өтө оор, башынан жаракат алган. Ошондой эле бир чек ара кызматкерине ок тийип, абалы оор.

— Учурда Максат айылында жалпысынан 4 Тез жардам унаасы иш алып барып жатат. Лейлек аймактык ооруканасынан дарыгерлер Тез жардам унаасы менен окуя болгон жерге жөнөп кетишти.

Баткен облустук ооруканасынан хирург, травматолог, реаниматолог реанимобиль менен Лейлекке жөнөп кеткени маалыматта айтылат.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    17.09.2019 11:37

    Бул биздин мамлекеттин биринчи президенттин шалаакылыгы, жоопкерсиздиги, чек арасы жок кандай мамлекет эгемендуу болот?
    Эгемендуулукту жарыялаган кундон чек араны коншу мамлекеттер менен тактап тосуп салыш керек болчу.
    Мамлекеттин эмес оз кызыкчылыгын ойлогон жетекчилер, чек ара тоскондун ордуна, колхоз, совхоз, завод фабрикаларды, тоо кен комбинаттарды, детсад, магазин, автобаза, бут тармакты талап, тоногонго отушкон.
    Элди ойлогон, алдын ала коро билген жетекчи келмейинче, азыркы окмоттун, парламенттин колунан эч нерсе келбейт, баары жетеленген ит ууга жарабайт болгондор. Качан бир чыр чыккандан ойлогон.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM