Биз менен байланышыңыз

Электросамокаттар эмнеси менен пайдалуу? [сүрөт]

Блог | 16 Сен 2019 | 954 | 0

Учурда унаанын бир канча түрү бар. А бирок биз сизге ошолордун ичинен электросамокатты көбүрөөк сунуштайт элек. «Неге?» — дебеңиз, себеби, төмөнкүдөй бир нече пайдалуу жактары бар:

  • Үнөмдүү;
  •  Коопсуз;
  • Жаш куракты талап кылбайт;

Электросамокат тебүүдө жаш курак чектелбейт. Кайсы куракта болбоңуз, сизге ылайыктуусу табылат. Ал тургай, мындай түрдөгү электроунаалардын моделдеринин ар түрдүүлүгү 6-7 жаштан өйдөкү балдар үчүн абдан ыңгайлуу. Ылдамдыкка чектөө коюучу атайын функциялары да бар экенин эсиңизге салабыз.

  • Ыңгайлуу жана жеңил;

Көпчүлүк электросамокаттар бүктөлөт. Тыкан бүктөп, үйгө коюп койсоңуз да, эки жакка чыкканда сумкаңызга салып алсаңыз да болот.

  • Айдоочулук күбөлүк талап кылынбайт;
  • Экологияга зыянсыз;

Электросамокаттар – башка унаалардан айырмаланып, абаны булгабайт.

  • Дабышсыз жүрөт;

Кызыгууңуз пайда болдубу? Анда сиздерге электросамокаттар боюнча маалымат беребиз:

«Xiaomi MiJia Smart M-365-7800 mAh-8.5» электросамокаты 

  • Жүк көтөрүүсү: 100 килограммга чейин;
  • Салмагы: 12.5 кг;
  • 5 саатта заряддалат;
  • Бир заряддоо менен 30 километрге чейин жүрө алат;
  • Корпусу: Авиациялык алюминий;
  • Мотордун күчү: 250 Вт;
  • Дөңгөлөктүн диаметри: 8.5 дюйм;
  • Жогорку ылдамдыгы: саатына 25 км;
  • Баасы: орто эсеп менен 26 900 сом

«Meiyatu Engwe 8» электросамокаты 

  • Жүк көтөрүүсү: 125 килограммга чейин;
  • 5 саатта заряддалат;
  • Бир заряддоо менен 25 километрге чейин жүрө алат;
  • Мотордун күчү: 250 Вт
  • Дөңгөлөктүн диаметри: 8 дюйм;
  • Жогорку ылдамдык: саатына 25 км;
  • Салмагы: 19 кг;
  • Баасы: орто эсеп менен 24000 сом

«CarWalk Light реплика-4» электросамокаты 

  • Жүк көтөрүүсү: 75 килограммга чейин;
  • 3 саатта заряддалат;
  • Бир заряддоо менен 25 километрге чейин жүрө алат;
  • Мотордун күчү: 250 Вт
  • Дөңгөлөктүн диаметри 4 дюйм;
  • Жогорку ылдамдыгы: саатына 23 км
  • Салмагы: 6.3 кг
  • Баасы: орто эсеп менен 12000 сом

«Xiaomi MiJia Electric Scooter Pro-8.5 » электросамокаты 

  • Жүк көтөрүүсү: 100 килограммга чейин;
  • 9 саатта заряддалат;
  • Бир зарядоо менен 45 километрге чейин жүрө алат;
  • Мотордун күчү: 300 Вт;
  • Дөңгөлөктүн диаметри: 5 дюйм
  • Жогорку ылдамдыгы: саатына 25 км
  • Салмагы: 2 кг
  • Баасы: орто эсеп менен 36500 сом

IconBit Kick Scooter XT 5.5 » электросамокаты 

  • Жүк көтөрүүсү: 100 килограммга чейин;
  • 3 саатта заряддалат
  • Бир заряддоо менен 20 километрге чейин жүрө алат;
  • Мотордун күчү: 350 Вт;
  • Дөңгөлөктүн диаметри: 5 дюйм;
  • Жогорку ылдамдыгы: саатына 25 км;
  • Салмагы: 1 кг;
  • Баасы: орто эсеп менен 12000 сом

«Н-03-10» электросамокаты 

  • Жүк көтөрүүсү: 150 килограммга чейин;
  • 10-11 саатта заряддалат;
  • Бир зарядоо менен 50 километрге чейин жүрө алат;
  • Мотордун күчү: 700Вт;
  • Дөңгөлөктүн диаметри: 10 дюйм;
  • Жогорку ылдамдыгы: саатына 45 км
  • Баасы: орто эсеп менен 46590 сом

Шаарды кыдыруу үчүн же белгиленген жерге жетүү максатында колдонууга ыңгайлуу, чоңдор да, балдар да айдай алган бул электросамокаттар көпчүлүк талаптарга жооп берет. Бул моделдер жөнөкөй, ошондой эле техникалык документтерди жана айдоочулук күбөлүк талап кылбайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM