Биз менен байланышыңыз

Исаков: Кыргызстанда 9 унаага талап көп

Кыска кабар | 15 Сен 2019 | 3102 | 0

Уланбек Исаков 2014-жылдан бери чет өлкөдөн унааларды алып келип, кызмат көрсөтүп келет. Учурда темир тулпарларды АКШдан ташып келүүдө. Унаа алууда эмнелерге көңүл буруп, кандай жол-жоболорду эске алуу керектигин айтып берди.

-Негизи мурда сапаттуу унаалар Япониядан алынып келинчү. Алардын басып өткөн көрсөткүчү да төмөн жана баасы да арзан болчу. 2014-жылы ЕАЭБге кирген соң баасы кымбаттап кетти. Азыр Грузиядан алып келгендер да көбөйдү. Бирок биздин билишибизче, ал өлкөгө иштен чыгарылган же урулган унаалар ташылып барылып, кайра жасалып, КМШ өлкөлөрүнө сатылып жатат. Анын ичинде Кыргызстан да бар. Эл арзан унаага качып, сапат унутта калып жатат.

-Lexus RX 350нүн 2008,2009, 2010-жылы чыгарылгандары көп келип жатат. Subaru Outback 2010-2012-жылы чыгарылгандары, Toyota Camry 50, 45-кузовдору, Toyota 4 Runner жана Lexus 470терди көп сурашат. Эң көп ушул унааларга талап болуп жатат. Анткени булардын жылы жаңы жана унаалар бардык жагынан кыргызстандыктарга ылайыктуу.

-Кыргызстанда ар бир экинчи адам унаа алуу боюнча "эксперт". Кузовго келсек, бизде сырттан жеңил урулган унааларды алып келип, жасатышып, базарга алып чыгышат. Көбүнчө, жүргөн чакырымын азайтып койгондору да бар. Чет жерден келген темир тулпарлардын баарын эле сапаттуу деп айтууга болбойт. Бирөөсү мал жүктөйт, бирөөсү таза айдайт, бирөөсү жакшы карабай айдаган болот. Кыргызстанда азыр биз жасай элек бир эле иш калды, ал – унаа чогултуу. Андан башка бардык жумуш жасалат. Ошол үчүн келген унааны жаңыдай кылып жасап койгондору четтен чыгат.

-Азыр базарда унааны карап, текшерип бере турган көз карандысыз эксперттер бар. Алар машинанын урулуп-урулбаганын, кыймылдаткычын, документтерин карап беришет. Эң жакшысы, аларга аз өлчөмдө акы төлөп, текшертип алган оң. Ал эми жүргөн чакырымын азайтып-азайтпаганын саналуу эле эксперттер билет. Буга да көңүл буруп, билгенине кайрылуу керек.

Унаанын басып өткөн чакырымын артка кайтаруу Кыргызстан менен Грузияда гана жасалат.

-Америкадан алып келүү үчүн документтер керектелет. Эгерде компания аркылуу сатып алам деген болсо, жарандын паспорту менен акчасын төлөсө болду. АКШда унаалар аукцион жолу менен сатылат. Фирмага кайрылбастан, жеке өзү барып сатып алам дегендер да болот. Бирок аларга сатылбайт, анткени аукциондун талаптары катуу. Грузиядан сатып алган болсо, ал жактан каттоодон чыгарып, транзиттик номур менен алып келсе болот. Келгенден кийин каттатып, жаңы номур алат.

-Чет өлкөдө да документи жасалма же эки унааны бириктирген сыяктуу маселелер бар. Ошол себептүү ал жактан да эксперт жалдап, бир сыйра текшерип алуу керек. Эгер кымбат баалуу машина караштырып жатса, автосалондордон сатып алган оң. Катардагы жарандан сатып алып, МАИ аркылуу каттоодон чыгарылса эле көпчүлүгү документи туура экен деп ойлоп калышат. Алып келгенден кийин каталары чыгат.

-Негизи Кыргызстанга Lexus жана Toyota унаалары ыңгайлуу. Анан сатып алуучу унааны кайсы максатта алып жатканын аныктап алышы керек. Алсак,  Lexus 570 унаасы чоң болгону менен тоого ылайыкташкан эмес. Аны аңчылыкка айдап барсаң, “жүрөгү” ооруп кетет. Ага атайын жасалган унааларды алган туура.


Берүүнү толугу менен төмөнкү шилтемеден көрсөңүз болот.

Автоклуб

Опубликовано Радио Марал-MARAL FM Понедельник, 9 сентября 2019 г.

Copyright © 2017 Maral FM