Биз менен байланышыңыз

Мамытова: Кошумча сабак үчүн күнүнө 300 эмес, 700 сом төлөгөндөр бар экен

Кыска кабар | 13 Сен 2019 | 1282 | 0

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин мурунку орун басары Лунара Мамытова мугалимдердин айлык акысы тууралуу айткандары бурмаланып кеткенин билдирди.

Ал «Марал» радиосунун суроолоруна жооп берип жатып, өзүнө кайрылган ата-энелердин көйгөйүн гана жарыялаганын айтты.

— Мен ата-энелердин кайрылганы боюнча жаздым. Алар мага дал ушул көйгөй тууралуу көп кайрылышат. Болгондо да жеке менчик эмес, мамлекеттик мектептердеги акча чогултуу бизди тажатты, биз аны эч кимге айта албайбыз дешет.

Лунара Мамытова кошумча сабактар окуучулар үчүн да пайдалуу болгондуктан, ал үчүн акы алуунун мыйзам чегинде иштелип чыккан стандарты болушу керек деп эсептейт.

— Мамлекеттик мектептерде азыр абал кандай экенин баарыбыз билебиз. Ал мектептерде бир класста 40 бала окуса, сапаттуу билим ала алат деп кепилдик берүү кыйын. Ошондуктан кошумча сабактарды өтүш керек болот. Бирок ага кандайдыр бир стандарт керек. Баасы ушунча болсун, мынча чектен өтпөшү керек дегендей. Ал акча каякка төлөнөт, мугалимдин колуна түшөбү, же мектепке түшөбү, мунун баары мыйзамдаштырылса, кошумча сабак болгону жакшы. Ал — окуучу үчүн да пайдалуу.

Мамытова социалдык тармакка билдирүү жазгандан кийин бир эне Бишкек шаарындагы мектептерде кошумча сабак үчүн баласына бир күндө 300 сом эмес, 700 сом сурагандар бар экенин жазган.

— Мага айрым ата-энелер ошол кошумча сабак үчүн алынган акчаны санап көрсөтүштү. Мен таң калып, «Элет жеринде мугалимдердин айлыгы аз болуп жатса, Бишкекте силер ушунча бересиңерби?» — десем, «Ооба», — дешти. Менин социалдык тармакка жазган билдирүүмдөн кийин бир ата-эне бир күндө кошумча сабак үчүн 300 сом эмес, 700 сом беребиз деп жазып жатат. Ал баласына мамлекеттик мектепте айына эмес, күнүнө 700 сом берерин жазды. Мен алардын мага айткан күйүтүн, көйгөйүн жарыяладым. Анан «Мамытова бүт мугалимдердин айлыгын эсептей койду», — деген туура эмес.

Ал өзүнө кайрылган ата-энелерге арыз жазуусун сунуштаган, бирок алар мектепте баласына мамиле өзгөрүп каларынан коркуп коюшкан. Ошондой эле өзүнүн апасы да, өзү да мугалим болуп иштегенин, окутуучунун көйгөйүн жакшы билерин айтты.

Copyright © 2017 Maral FM