Биз менен байланышыңыз

Малды да камсыздандыруу керекпи?

Коом | 12 Сен 2019 | 774 | 0

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеӊештин жыйынындагы «Ар кыл маселелер» саатында катаал аба ырайынын кесепеттерин жоюу жолдору ортого салынды.

Депутат Мирлан Бакиров ар жылы болбосо да, мезгил-мезгили менен катаал аба ырайынын шарттарына байланыштуу мал-жандык чыгымга учурап жатканын айтты. Мындай жагдайда эл өкүлү малды да камсыздандыруу маселесин карап көрүүнү сунуштады. Депутат жергиликтүү бюджетке каражат түшө тургандай жана ал каражаттын кайсы бир бөлүгүн ушундай кырдаалдарда пайдалангыдай кылып, механизмдерин иштеп чыгуу зарыл экенин белгиледи.

— Мал чарбачылыгынын аба ырайына байланыштуу зыян тартканын айтып кетейин. Кечээ жакында болгон катаал аба ырайынын кесепетинен Суусамыр өрөөнүндөгү, Токтогул районунун тоолуу жерлериндеги малчылар бир топ зыян тартты. Ошондон улам бир ой пайда болду. Бул жаңылык да эмес. Мүмкүн, биз малды камсыздандыруу механизмдерин карап көрөбүз?..

Депутат Кожобек Рыспаев Суусамыр өрөөнүндө эгиндин кар астында калганын айтып, чыгымды компенсациялоо маселесин Өкмөткө сунуштады.

Фермер Таалай Акуновдун айтымында, күтүүсүз себептерден улам мал-жандык кырылууга дуушар болсо, Өкмөт эч кандай жардам көрсөтпөйт. Анын белгилешинче, камсыздандыруу маселеси туура ой, бирок кандай шарттар менен болорун кылдат кароо керек.

— Эгерде жугушту оору болуп, мал кырылып калса, андайда ата-бабаларыбыз айкандай, «бир жуттук». Кудай сактасын, бирок ошондой абалда мамлекеттен эч кандай жардам көрсөтүү каралган эмес. Фермерлер, жеке ишкерлер өздөрү жапа чегип калып жатпайбы. Ошондуктан камсыздандыруу керек. Бирок ал канча өлчөмдө, кандай негиз менен? Кеп ошондо. Эгерде мал башына жер салыгы сыяктуу чыгарып койсо, малды арбын урунгандар үчүн туура эмес натыйжа болуп калат.

Ал эми Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев агрокамсыздоо маселесин кароо үчүн атайын топ түзүлгөнүн айтты. Алар учурда мыйзам жазуунун үстүндө иштеп жатышат. Ошондой эле, Суусамыр өрөөнүндөгү чыгымдарды атайын түзүлгөн комиссия тактап жатат.

— Биз депутаттар менен чогуу агрокамсыздоо боюнча атайын мыйзам жазуунун үстүндө иштеп жатабыз. Бул боюнча жакында отурум болот. Ал эми Суусамырдагы окуяга байланыштуу актылар каралган. Келтирилген чыгымдарды эсептеп чыгуу үчүн атайын комиссия түзүлгөн.

Кошумчалай кетсек, буга чейин социалдык тармактарда күтүүсүз келген аба ырайынан улам жүздөгөн малдын кар астында калганы боюнча тасма тараган. Мындай учурларда Орусия, Белорусия жана башка чет өлкөлөрдө агрокамсыздоо механизми иштейт.

Эгини карда калып жабыркаган дыйкандарга кенемте төлөө демилгеленди

Суусамырда 5 миң гектар аянттагы арпа кар астында калды

Copyright © 2017 Maral FM