Биз менен байланышыңыз

9-сентябрь — Ашура күнү. Аны кантип өткөрүү керек?

Блог , Кыска кабар | 8 Сен 2019 | 2460 | 1

Учурда Хижрий календары боюнча Мухаррам айындабыз. Хадистерде айтылгандай, бул — Алла Тааланын айы. Айдын онунчу күнү «Ашура күнү» катары эсептелинет. Ашура» деп аталып калуусунун себеби Мухаррам айынын ону болгондугунда. 2019-жылдын «Ашура күнү» 9-сентябрга туш келет.

Бул күндүн келип чыгуу себептери:

«Ашура күнү» Алла Таала он башка пайгамбарын 10 түрдүү кыйынчылыктан куткарып, жакшылык берген.

1. Алла Таала Азирети Мусага (а.с.) бир мужиза катары деңизди экиге бөлдүрүп, Фараон менен армиясынан куткарып, ал эми Фараон менен аскерлерин деңизге чөктүргөн.

2. Азирети Нухтун (а.с.) кемеси ушул күнү Жуди тоосуна токтогон.

3. Азирети Юнус (а.с.) ушул күнү балыктын ичинен чыккан.

4. Азирети Адамдын (а.с.) ушул күнү тообосу кабыл болгон.

5. Азирети Юсуф (а.с.) бир туугандары таштаган кудуктан ушул күнү чыгарылган.

6. Азирети Иса (а.с.) ушул күнү дүйнөгө келип, ушул күнү көккө көтөрүлгөн.

7. Азирети Дауттун (а.с.) ушул күнү тообосу кабыл болгон.

8. Азирети Ибрахимдин (а.с.) уулу Азирети Исмаил (а.с.) ушул күнү дүйнөгө келген.

9. Азирети Якубдун (а.с.) уулу Азирети Юсуфту (а.с.) сагынычтан улам көрбөй калган көздөрү ушул күнү көрө баштаган.

10. Азирети Аййуб (а.с.) ооруларынан ушул күнү шыпаага жетип, айыккан.

«Ашура күнү» боюнча Пайгамбарыбыз (с.а.в) эмне деп айткан? 

Пайгамбарыбыз (с.а.в) Мадинага жер которуп келгенден кийин жөөттөрдүн орозо кармагандыгын угат. «Бул эмне болгон орозо?» деп сураганда, жөөттөр: «Бүгүн Алла Таала Мусаны (а.с.) душмандарынан куткарып, Фараонду сууга тумчуктуруп өлтүргөн күн. Азирети Муса (а.с.) шүгүр келтирип бул күнү орозо кармаган»,-деп айтышты. Муну уккандан кийин Алланын элчиси (с.а.в.): «Биз Мусанын сүннөтүн тирилүүгө силерден да жакынбыз жана акылуураакпыз»,-деп айтып орозо кармады жана мусулмандарга да кармагыла деп буйрук берди. (Ибн Маажа, Сыям: 31)

Бир адам келип Мухаммед пайгамбардан (с.а.в) сурады: «Рамазан айынын орозосунан башка кайсы убакта орозо кармоону сунуштайсыз?» Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Мухаррам айында орозо карма. Анткени ал — Алланын айы. Анда ушундай бир күн бар дейсиң, Алла Таала ал күндө бир коомдун тообосун кабыл кылып, башка бир коомду да кечире алат»,-деп айткан. (Тирмизий, Савм: 40).

Бул коом үстүнө апаат келе жатканда жалпы тообо кылышып, апааттан аман калган Юнус алейхиссаламдын Нинова калкы эле. Тирмизийде келген башка бир хадисте Пайгамбарыбыз (с.а.в.) ушундай деп айткан: «Ашура күнүндө кармалган орозонун Алла Тааланын даргөйүндө ал күндөн мурдагы бир жылдын күнөөлөрүнө каффарат боло тургандыгына күчтүү үмүт кылам» (Тирмизий, Савм: 47).

«Ашура» күнүн кантип өткөрүү керек?

Бул күнү намаз, кайыр садака сыяктуу ибадаттар менен катар орозо кармагандын өзгөчө орду бар.

«Ашура» орозосун кармаган адам мүмкүнчүлүгү болсо 8-9-10-сентябрда кармаса эң жакшы болот. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Христиан жана жөөттөргө окшоп калбоо үчүн ушинтип кармачу экен. Башкача айтканда Мухаррам айынын тогузу, ону, он бири катары менен үч күн орозо кармоосу. Ал эми мүмкүнчүлүгү азыраак болгон адам бир күн мурда жана Ашура күнү, же Ашура күнү андан кийин бир күн кошуп катары менен кармоосу да жакшы болот.

1 пикир

1 пикир

  1. Шаршен

    09.09.2019 00:57

    Аллах ыраазы болсун! Ушундай маалыматтарды да күтөбүз, антпесе өтө эле саясатташып кеттик.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM