Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин кайсы акчага мечит курганы иликтенет

Кыска кабар | 3 Сен 2019 | 1131 | 0

Аскер прокуратурасы мурунку президент Алмазбек Атамбаев каржылап салдырган «7-апрель шейиттери» мечитинин курулушун текшерүүгө алат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалыматы кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматында, учурда мечит кайсы каражатка салынганы иликтенүүдө.

Атамбаевге козголгон кылмыш иштерин иликтөө уланып жаткандыгы кабарланды. Буга чейин «Медиа Форум» ишканасынын мүлкү, ошондой эле Атамбаевдин баалуу кагаздары, акциялары, Кыргызстандын банктарындагы эсептери камакка коюлду.

Үстүбүздөгү жылдын 4-апрелинде Бишкекте «7-апрель шейиттери» мечити ачылган. Аянты 2 гектардан ашык жерге салынган мечит беш миң кишиге ылайыкташкан. Кеткен каражат мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жеке казынасынан жумшалганы буга чейин кабарланган.

Copyright © 2017 Maral FM