Биз менен байланышыңыз

Кассалык көзөмөл машиналарды колдонуу боюнча пилоттук долбоор башталат

Кыска кабар | 3 Сен 2019 | 358 | 0

Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан 31-декабрына чейин Бишкек шаарынын аймагында кассалык көзөмөл машиналарды колдонуу боюнча пилоттук долбоор башталат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.

Пилоттук долбоорго катышуу үчүн кассалык көзөмөл машиналардын операторлору Салык кызматына расмий кат жибериши керек.

Эксперименттик режимдеги долбоор менен иштөө виртуалдык ККМди колдонуу аркылуу жүргүзүлүүчү акчалай эсептешүүлөр жөнүндө реалдуу убакыт режиминде маалымат берүү технологияларын оптималдуу колдонууга мүмкүндүк берет.

Ошондой эле, ККМди колдонуунун техникалык мүмкүнчүлүгүн аныктоого жана белгилөөгө, көрсөтүлгөн талаптардын ишке ашырылышын баалоого болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM