Биз менен байланышыңыз

Текебаев: «Эки достун» урушунун себеби мени кызыктырбайт

Кыска кабар | 2 Сен 2019 | 988 | 0

Өмүрбек Текебаевдин соттон чыккандан кийинки маалымат жыйында президент Сооронбай Жээнбеков тууралуу айткан оң пикири социалдык тармактарда талкууга түштү. Анда көпчүлүк ортодо соодалашуу болгонун айткан. Бул тууралуу саясатчы Өмүрбек Текебаев Акманда эл менен болгон жолугушуусунда айтты.

-Атамбаевге менден ашкан душман жок болсо керек. Ошого карабастан анын иши калыс каралып, адилеттүү соттолсун деп жатабыз. Президент Сооронбай Жээнбековдун кылгандарынын туурасын, катасын айтып турушубуз керек.

Текебаев эки президенттин пикир келишпестигинин себеби кызыктырбай турганын, анын натыйжасы маанилүү экенин белгиледи.

-Жыйынтыгында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин былык иштеринин бети ачылды. Үстүнөн иш козголуп, макамы алынып, камакка алынды. Бул “Кыргызстанда түшпөс хан болбойт” деген сөздү бекемдеди. Эгерде Сооронбай Жээнбеков өзү жаман иштесе, жоопко тартылат. Атамбаевге чара көрүү менен Жээнбеков өзүнө чоң жоопкерчилик алды.

Эскерте кетсек, 29-августта Биринчи май райондук соту «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди жана Дүйшөнкул Чотоновду үй камагына чыгарган.

Copyright © 2017 Maral FM