Биз менен байланышыңыз

Ишеналы Арабаевдин эркиндик тууралуу айтканы

Кыска кабар | 31 Авг 2019 | 1418 | 0

XX кылымдын башындагы залкар кыргыз илимпоз-агартуучусу, коомдук ишмери Ишеналы Арабаевдин 1924-жылы “Эркин Тоо” гезиттин биринчи санына “Эркин Тоо. Кыргыз эли!” деген макаласынан үзүндүнү Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

“Эркин Тоо. Кыргыз эли!” макаласынан үзүндү:

“Кыргыздар канча жүз жылдардан бери эл катарына кире албай, жалгыз сыйынганы Тоо болуп, жайыкка чыкса жан-жанындагы күчтүү улуттар канын суудай агызып, эркеги –кул, катындары—тул болуп келгендиги анык белгилүү.
Кыргыз калкы Эркиндик үчүн канча ирет кызыл уук болуп, канча ирет канын агызып, башы баян, аягы саян болгон.
Качантан бери жоголгон эркиндигиңди сагынып,”Күкүк менен Зейнеп” болуп какшап келген, эңсеп келген эркиндигиң колуңа тийди, Кыргыздар! Бек карма!
Бул Эркин Тоо үчүн жашың төгүлгөн, башың сатылган, теңдигиң ажыраган, сөөгүң көмүлбөй, ар кай жерге чачылган, эр-азаматтарың кул болгон, кыз-келиндериң күң болгон!
Бек карма, Кыргыз, бек карма!” деген экен.

Кошумчалай кетсек, Ишеналы Арабаевдин бул макаласын түркология илиминин PhD доктору Гүлзада Нармаматова изилдеген.

Copyright © 2017 Maral FM