Адамдар кээде «эгер мындай болсо, эмне болот?» деген суроолорго баш катырат. Анын арты менен дүйнөдө жүздөгөн фантастикалык кинолор жаралат. Алардын арасында Марстагылар Жер планетасында бийлик орнотуудан тарта, өлүмгө себеп болгон вирус тараган соң тирүү калган жалгыз адам күчүгү менен жашап кетүү аракеттерин көргөн окуяларды да кездештиребиз.
Келиңиз, лирикалык чегинүүлөрдү бираз артка сүрүп, фактылар тууралуу кеп кылалы. Алсак, эгерде жаныбарлар адамдарга каршы чыгышса же ар бирибизге 1 млн. доллар каражат берилсе, эмне болмок?
1. Ар бир жаранга 1 млн. доллар берилсе…
Буга ишенүү кыйын болушу мүмкүн, бирок адамдар миллионер болгон соң көп өтпөй массалык сыркоолор башталат. Анткени 1 акчада 30 миңдей микроб болот. Дарыланып, бир илдеттен арылсаңыз да, кийинки оору келе берет.
Мындан сырткары:
- Акча алмаштырууда 180 түрдүү валюта өз күчүн жоготот;
- Дүйнө элинин 35%ы жумуштан айдалат, экономика төмөндөйт, коом деградацияга кабылып, баарын башынан баштоого туура келет;
- Сатыкта бир да бош батир калбайт;
- Адамдар 20 кг. кара икра жана 4 Феррари сатып алышы мүмкүн;
- Өндүрүш токтоп, кызмат көрсөтүүлөр жоюлат;
- Муктаждык жоктугунан улам банктар жабылат, уурулук көбөйөт;
- Акча башка максатта колдонулуп, адамдар жалкоо боло баштайт;
Албетте акча көп болгону жакшы, бирок жашоодо материалдык байлыкка караганда алда канча маанилүү нерселер бар.
2. Бардык жаныбарлар адамдарга каршы чыгышса…
Бул жөнөкөй уруш болбойт, бир нече этаптан өтөт.
- Үй жаныбарлары ээсине кол салат. Козголоңду алгач мышыктар баштайт. Алар курч тырмакка жана 50 км/саат ылдамдыкка ээ. Ал эми Жер планетасында эң тез чуркаган адамдын ылдамдыгы 44,72 км/саат. Демек, мышык сизге бат эле жетип алат.
- Кийинки чабуулду иттер баштайт. Алар үргөндө дабышы 115 децибелге жетет, башкача айтканда 300 мерт алыстыкта учуп бара жаткан самолёттун үнүндөй өктөм болот. Эгерде, иттер үрө баштаса, адамдар психокалык ооруларга чалдыгат жана өз жанын кыюуга чейин барат.
- Үй-жандыктары ээси менен «эсептешип» бүткөнчө, чегирткелер талааларды каптап, ойрон кылууга жетишет. Алар бир күндө 160 миң тонна азык-түлүктү жок кылып, дүйнө эли бар айда азыксыз калышы мүмкүн.
- Адамдар сууга баш калкалоого өтүшөт. Бирок ак кула — эң коркунучтуу душман. 2018-жылы ак кула адамга кол салган 66 факты катталган.
- Ал эми канаттууулар согушту жетектешет. Мындай милдет эң акылдуу куштарга жүктөлөт. Салмагы 100 грамм гана болгон чымчыктардын мээси 4 граммды түзөт. Көгүчкөндөр 90го жакын коркунучтуу оорунун түрүн жана эпидемиясынын жайылтышы ыктымал.
- Жер астына жашырынуу мүмкүнчүлүгү да бар. Бирок ал жерде сизди келемиштер күтүп алат. Дүйнөдө орточо эсеп менен бир адамга 2 келемиш туура келет жана алар адамдан 48 млн. жыл мурда пайда болгон. Мындайда айрым адамдар башка планетага учуп кетүүнү да ойлошу мүмкүн. Бирок космоско учууга даярдык көрүү керек, адамдардын ага убакты жетпейт.
3. 24 саат гана өмүр сүрсөк…
Демек баштадык, убактыбыз абдан тар. 18 мүнөттөн соң басып, кийинки 5 мүнөттө сүйлөп баштайбыз. Жашоонун алгачкы 2,5 саатында мектептин босогосун аттап, 3 саат 20 мүнөттө окууну аяктап, бүтүрүүчү аталабыз. Эң кызыгы, 20 саттан кийин пенсия курагына чыгабыз. Өмүрдө:
- 40 мүнөт — жаңылыктарды окууга;
- 50 мүнөт — тамак даярдоого;
- 80 мүнөт — транспортто жүрүүгө;
- 2,5 мүнөт — жеке жашоо үчүн;
- 6 саат — сүйүктүү тасмаларды көрүүгө, жумушта комьпютердин маңдайында;
- 8 саат — уйкуга сарпталмак.
Жалпылап алганда жашооңуз жаркын жана кызыктуу өтөт. Элестетиңиз, бир ишиңизди эртеңкиге калтыра албайсыз. Билим алуу, жаңы нерселерди өздөштүрүү жашоонун башкы максатына айланат.
4. Планетанын акыркы адамы болсоңуз…
Элестетиңиз, сиз дүйнөгө ээлик кыласыз. Эмне кылмаксыз? Мүмкүнчүлүктөр чексиз… Эң негизгиси эч ким сиздин тынчыңызды албайт, сүйгөн ишиңиз менен алектенесиз. Төмөнкүлөрдү жүзөгө ашыра аласыз:
- Дүйнөдө 1 миллиарддан ашуун автоунаа бар, сиз каалаганыңызды тандап алсаңыз болот;
- Эң кымбат дүкөндөрдөн кийим сатып аласыз;
- Кызыккан жайларда бекер эс аласыз, бирок автоунаа же тик учак, же учак башкарганды өздөштүрүшүңүз керек. Анткени айдоочуңуз болбойт.
- 2 млн. 667 миң 417 шаар жана айылга ээлик кыласыз;
- 340 түрдүү пародадагы иттерди багып алууга мүмкүн.
Бирок бир нече жетишпестиктер да орун алмак:
- 10 жылдан кийин кумшекер, туз жана балдан сырткары бардык азыктардын жарактуу мөөнөтү аяктайт. Балким андан да кыска мөөнөттө бүтүшү ыктымал;
- 5 жылдан соң авто унааңыз үчүн бензин түгөнөт, иштеп чыгаруу үчүн жумушчу күч жетишсиз болот;
- Дыйканчылык менен алектенүүгө туура келет;
- Жалгыздык бат картаюуга себеп болот;
- Депрессияга кабылып, кийинчерээк уйкучуздуктун азабын тартасыз.
5. Дүйнөдө жалаң гана эркектер калса…
Дүйнө калкынын 49,6 пайызын аялдар түзөт. Алар жок болсо, кандай жагдай жаралат? Балким бул чоң жоготуу болбостур?
Карап чыксак:
- Үй-бүлөлөр жоюлуп, демографиялык кризис башталат;
- Дээрлик бардык косметикалык каражаттар колдонулбай калат. Эркектер болсо, өзүнө карабай коёт.
- Жаш балдар жөнүндө унутуп коюшубуз ыктымал;
- Эркектерге бир артыкчылык бар — алар жыл сайын орточо эсеп менен 18 күндү аялдарга белек тандоого коротот. Эгерде аялдар жок болсо, эркектер 18 саатты башка иштер үчүн колдонмок.
6. Мыйзамдар 24 саатка күчүн жоготсо…
Мыйзам жана кодекстерди 24 саттака жокко чыгарсак, төмөнкү кырсыктар орун алышы ыктымал:
- Биринчи саатта эле бардык дүкөндөр талап-тонолуп кетиши күтүлөт;
- Көпчүлүк жерде курал колдонулуп, атышуулар орун алгандыктан адамдар өзүн коргоого алууга туура келмек;
- Дем алыш күндөрү таң эрте уйкуну бузган кошунадан өч алуу күчөйт;
- Түшкө чейин 100 миңден көп автоунаа уурдалат;
- Учурда бул маалыматтарды окуп жаткандагыдай өзүңүздү коопсуз сезе алмак эмессиз.
Мыйзам жана эрежелер биздин эркиндигибизди чектөө үчүн эмес, тартипти сактап, коопсуздугубуз үчүн ойлонулуп табылганын унутпаңыз. 🙂