Биз менен байланышыңыз

Өспүрүмдөр электр энергиясын үнөмдөө боюнча билим алышты (сүрөт, видео)

Без рубрики , Кыска кабар | 24 Авг 2019 | 552 | 0

Ыссык-Көл обусундагы “Жетиген” балдар лагеринде “Бирге жаркыра” аталышындагы эл аралык фестиваль болуп өттү. 14-24-август аралыгында өспүрүм балдар эс алуу менен бирге, электр энергиясын үнөмдөө, климаттын өзгөрүүсү, тазалык жана экология көйгөйлөрү боюнча билим алышты.

 

Окутуу мастер класс, интерактивдүү лекция, мелдеш-квест фоматында өткөрүлүп, балдарга эс алуу менен айкалыштырууга бардык шарттар каралган. Бул тууралуу “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун маалымат катчысынын жетекчиси Эльзада Саргашкаева айтып берди.

Анын белгилешинче, “Бирге Жаркыра” фестивалы Орусиянын долбоору.

 

 

 

Кыргызстанда жыл башынан бери өткөрүлүп, анын алкагында 200дөй жаш балдарга тематикалык лагерде жаратылыш көгөйлөрү боюнча маалымат берилди. Аталган долбоорду кыргыз өкмөтү, ири энерго компаниялар жана финансылык жактан БУУнун Өнүгүү программасы колдоого алган.

 

 

«Бирге жаркыра» фестивалынын алкагында уюштурулган тематикалык лагердин бардык катышуучуларына баалуу белектер тапшырылды. Ал эми эң активдүү делген 5 өспүрүмгө 20-октябрдан, 2-ноябрь аралыгында Орусияда өтүүчү «Жаш энергетик мектебине» жолдомо ыйгарылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM