Биз менен байланышыңыз

УКМК Мамкаттоо кызматынын мурунку башчысы Шаиковага издөө жарыялады

Кыска кабар | 5 Авг 2019 | 535 | 0

Улуттук коопсуздук комитети Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку башчысы Алина Шаиковага издөө жарыялады. Шаикова Кыргызстанда жарандык паспортторду даярдоодо жасалган коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш-ишин тергөөдө суракка келүүдөн баш тарткан.

Бул тууралуу УКМКнын маалымат бөлүмү билдирди.

Ал мамкаттоо кызматы, “Инфоком” Мамлекеттик ишканасынын, Финансы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн кызматкерлерине жана башка адамдарга карата жаңы үлгүдөгү паспортторду даярдоодо коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш-ишинин фигуранттарынын бири катары чакырылган.

Буга байланыштуу Башы Прокуратура А.Шаиковага карата Кылмыш-жаза кодексинин 319-Коррупция беренеси боюнча кылмышка шектүү деп, Жазык-процесстик кодексинин 239-беренесине ылайык Алина Шаиковага издөө жарыялады. Аны ишке ашыруу УКМКнын ыкчам бөлүмүнө тапшырылды.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM