Биз менен байланышыңыз

M-1 Global: Бусурманкул Абдибайит уулу мушташка чыгат

Кыска кабар , Спорт | 26 Июл 2019 | 929 | 0

Кыргызстандын аралаш уруш чебери Бусурманкул Абдибайит уулунун M-1 Global уюмунун алкагында таймашка чыгар күнү белгилүү болду. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтына жарыяланды.

Бусурманкул 30-августта Орусиянын Оренбург шаарында өтүүчү M-1 Challenge 104 мелдешинде рингге чыгат. Анын атаандашы украиналык мушкер Андрей Лежнев болот.

Бул беттеш кыргызстандык мушкер үчүн 5-таймаш (3 жеңиш, 1 тең чыгуу). Ал эми анын атаандашы 26 бештештин 18ин уткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM