Биз менен байланышыңыз

Зеленскийдин партиясы коалициясыз өкмөт түзө алат

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Июл 2019 | 559 | 0

Украина президенти Владимир Зеленскийдин «Эл кызматчысы» партиясы коалициясыз, өз алдынча өкмөт куроо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу мүмкүн. Мындай жыйынтыкка Украина БШКсы 62 % добушту санап бүткөн соң келишкенин «Борбордук Азия жаңылыктары» кызматы жазды.

«Интерфакс Украина» агенттиги маалымдагандай, анын партиясы бир мандаттуу окуругдардан шайланып келген 225 депутаттын эң кеми 115инин добушуна ээ болот. Мындан тышкары, тизме боюнча дагы 121 добушу бар. Бул партия Украинанын тарыхында биринчи жолу Жогорку Радада абсолюттук көпчүлүккө ээ болуп, өз алдынча өкмөт курайт дегенди билдирет.

Жогорку Радага шайлоо жекшемби күнү, 21-июлда өттү. 450 мандатка 6000ге жакын талапкер ат салышты. Орундардын жарымы бир мандаттуу депутаттар арасында бөлүштүрүлөт. Жарымы партиялык тизменин жыйынтыгы менен куралат. Алдын ала маалыматтар боюнча, Жогорку Радага беш партия өттү.

Украина Борбордук шайлоо комитетинин маалыматы боюнча, бюллетендердин 62 %ы саналып бүттү. Анда «Эл кызматчысы» партиясы 42,5 % добуш менен алдыга чыкты. Экинчи орунда 12,9% менен «Оппозициялык платформа — Өмүр үчүн» партиясы, үчүнчү орунда өлкөнүн мурдагы президенти Петр Порошенконун «Европалык тилектештик» партиясы 8,6% менен келатат. Төртүнчү орунда мурдагы өкмөт башчы Юлия Тимошенконун «Батькивщина» партиясы добуштардын 8 %ы менен, ал эми акыркы бешинчи орунда музыкант Святослав Вакарчуктун «Добуш» партиясы 6,3 % менен парламентке өттүү мүмкүнчүлүгүн алган. Ал эми калган партиялар 5 %дык босогодон өткөн эмес.

Украина Конституциясына ылайык, парламенттик көпчүлүктү фракциялар же курамында 226дан кем эмес депутаты бар фракция гана курай алат. Эгер Зеленскийдин партиясы керектүү добуш топтой албаса, башка партиялар менен коалиция түзүүгө аргасыз болот.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM