Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин чет өлкөгө чыгуусуна мыйзам жол береби? Юристтердин жообу

Саясат | 20 Июл 2019 | 1043 | 0

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин 1-2 күнгө чет өлкөгө чыгып келүү ниети бар. Бул тууралуу ал 19-июлда журналистердин суроолоруна жооп берип жатып билдирген.

Атамбаев досторунун чакыруусу менен Орусияга барууну пландоодо. Экс-президент өлкөдөн тоскоолдуксуз чыгып кетүү жана кайра кайтып келүү боюнча суроого бүдөмүк жооп берди.

-Кудай буюрса, кийинки жумада бир нече күнгө барам. Бирок, баары эле менин бир нече күнгө барып келүүмдү каалашпайт. Мени чакырган адамдар баарын жакшы уюштурууга аракет кыларын билем. Бирок баары бир адамдар Кудайга, өздөрүнө, чыныгы досторуна таянып, баарына даяр болушу керек.

Мындан улам Атамбаев тоскоолдуксуз өлкөдөн чыгышына мыйзам жол берип-бербешине кызыктык.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Мукар Чолпонбаевдин айтымында, Алмазбек Атамбаевге бүгүнкү күндө өлкөдөн чыгып кетүүгө тоскоолдук жок. Бирок тергөөчүнүн чечими менен Атамбаевди күч колдонуп сурак үчүн кармоого мыйзам жол берет.

— Азыр Атамбаевге өлкөдөн чыгып кетүүгө эч кандай тоскоолдук жок, эч ким каршылык көрсөтө албайт. Экинчи жагы суракка чакырылган соң, тергөөчүнүн эрки. Буйрук болсо атайын кызматкерлер күч колдонуу менен суракка алып келе алат. Аны аэропортттонбу же башка чек ара постунан болобу, чыгып жатканда да кармаса, мыйзамдуу болуп калышы мүмкүн.

Ал эми КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, юрист Нурбек Касымбековдун айтымында, Атамбаевке анын кол тийбестиги каалаган учурда тоскоолдуксуз өлкөдөн чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

— Атамбаев эгерде кааласа чет өлкөгө тоскоолдуксуз чыга берет. Себеби, эч кандай чектөө жок. Эгерде аны чыгарбоо аркети болуп, же күч колдонулса, мыйзамсыз болот. Анткени Жазык-процесстик кодексинин 479-беренеси бар. Ал жерде жазылгандай, экс-президентти кармоого тыюу салынат. Мыйзамда макам жөнүндө эч нерсе жазылбаптыр, токтом дагы жок экен. Биз айтып келгендей эле, Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги бар. Ал 2017-жылдын 24-ноябрында экс-президент болгон. Конституцияга ылайык, кол тийбестиги түбөлүк болуп эсептелет. Аны эч ким ала албайт. Атамбаевдин кол тийбестиги алынган жок. Жогорку Кеңеш «макамын алдык» деп жатат. Айтып өткөнүмдөй «макам» деген эмне экенине мыйзам да, парламенттин токтому да жооп бербейт.

 Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге күбө катары сурак берүү үчүн билдирүү кагазы биринчи жолу 8-июлда, андан кийин 10-июлда жана үчүнчү ирет 19-июлда келген.

Copyright © 2017 Maral FM