Биз менен байланышыңыз

Атамбаев өзү «аталык» кылган мыйзамдарга баш ийбей жатабы?

Саясат | 19 Июл 2019 | 166 | 0

«Алмазбек Атамбаевди күч менен кармоого буйрук берилгени белгилүү болду. Ишти күндүн экинчи жарымында баштоо пландалып, 1500 укук коргоочу тартылат экен». Мындай маалыматты ишенимдүү булактарына таянып, КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева Facebook баракчасына жазды. Интернеттеги билдирүүсүндө Жолдубаева: «Бийликтегилер радикалдык чаралардын арты жаман болорун унутуп калса керек», — деген эскертүү маанисиндеги кайрылуусун кошо жазган.

Ал эми КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адиль Турдукулов кооптоно турган маалымат түшкөн соң, Кой-Таштагы штабга күндөгүдөн көбүрөөк эл чогулары күтүлүп жатканын, бирок мыйзамсыз иштер болбой турганына кепилдик берерин маалымдады.

— Мындай чоң операция пландалып, 1500 киши даярдалып жатканда сөзсүз түрдө маалымат таркайт да. Бул сөздөр штабга жеткен соң, башка күндөргө салыштырмалуу тарапташтар көбүрөөк болот деп ойлойм. Анткени, кооптонуу бар. Бирок адамдарда курал жок. Штабда мыйзамсыз аракеттер болбойт. Муну так кесе айта алам.

Ички иштер министрлиги «мурдагы президентти күч менен кармоого буйрук берилген» деген маалыматты жокко чыгарды. ИИМдин маалымат кызматы Атамбаев тараптын мындай билдирүүлөрдү эмне себептен таратып жатканы белгисиз экенин, азырынча тергөөгө келүүсүн күтүп жатышканын айтты.

— Бизде андай маалымат жок. Эмне үчүн мындай билдирүүлөрдү таратып жатканы бизге белгисиз. Биз болгону кечээ үчүнчү чакыруу жөнөтүлгөнүн гана тастыктай алабыз. Азырынча балким түштө же, кечке келип калар деп күтүп жатабыз. Балким келип калат.

2 киши барабы, 1500 миң барабы, үч жолку чакырууга келбеген соң, күч колдонуп сурака алып келүү туура. Мындай пикирин саясат талдоочу Марат Казакпаев билдирди. Анын белгилешинче, Жолдубаева тараткан маалымат эмоцияга алдыруу жана курулай коркутуу.

— Албетте, үчүнчү жолу да чакырууга барбаса, күч менен алып келсе болот. 1500пү же экөөбү, айырмасы жок. Менин оюмча, Атамбаевди алып келүүгө азыр спецназ менен барса да болот. Укук бар. Жолдубаева жана башка Атамбаевдин тарапташтары жөн эле эмоцияга алдырып жатат. Жөнү жок коркутуп жатат. Ал жолдон өткөнбүз. Ошон үчүн Алмазбек Шаршенович юристи менен суракка барып, керек болсо, жооп бергени эң туура болот.

Атамбаевдин юридикалык маселелер боюнча өкүлү Сергей Слесарев тергөө органдарында мыйзам бузуу болгонун эскертип, тиешелүү тарапка жолдогон катында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына суракка чакырылгандыгы аткарууга жатпай тургандыгын жазып, барбай турган негиздерин санап берген:

  1. Конституциянын 28-беренесинде адамдын жоопкерчилигин белгилөөчү же оорлотуучу мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт;
  2. «Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндөгү» кабыл алынган мыйзамдын 9-пунктуна ылайык экс-президенттин кол тийбестиги алынган эмес, экс-президент деген макам гана алынган;
  3. Конституциянын 74- беренесине ылайык, Жогорку Кеңеш президенттин кол тийбестигин жана макамын ала албайт;

Ал эми КРнын эмгек сиңирген юристи Мукар Чолпонбаевдин айтымында, адамдын жоопкерчилигин белгилөөчү же оорлотуучу мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбай турганы туура. Бирок Алмазбек Атамбаевди башка жарандар менен салыштырууга болбосун төмөнкүчө түшүндүрдү.

— Туура Конституцияда жазылган: оорлотуучу жагдайлар жана жаңы ишке киргизилип жаткан кылмыштардын курамдары артка колдонулбайт. Бирок бул жерде Атамбаев менен башка жарандарды салыштырууга болбой турат. Алмазбек Шаршенович өзү президент болуп иштеп турганда башка адамдардан алып бөлүнүп чыкты да. Анан ошол шартты эске алууга туура келет. Экинчиден, мыйзамдар артка колдонулбайт дегенде, «абалды оорлотуучу же абалды жеңилдетүүчү» берене кылмышка тиешелүү. Ал эми Алмазбек Шаршеновичке тиешелүү нерседе «жоопко тартуу мүмкүнчүлүгү барбы же жокпу?» деген маселе турат.

Кечээ мурдагы президент үчүнчү ирет ИИМге суракка чакырылган. Бүгүн саат 10:00дө ал ИИМдин тергөө кызматында сурак бермек. Суракка келген эмес.

Атамбаевге сурак берүү үчүн билдирүү кагазы биринчи жолу 8-июлда, андан кийин 10-июлда жана үчүнчү ирет 19-июлга келген. Бирок Атамбаев: «Азыркы бийлик укуктук талаадан чыгып кетти», — деп, тергөөчүнүн сурагына барбай турганын айтып келет.

Copyright © 2017 Maral FM