Биз менен байланышыңыз

Өкмөт-«Центерра»: 8 жолу кечиккен келишим

Коом | 17 Июл 2019 | 822 | 0

«Centerra Gold Inc.» менен кыргыз өкмөтү 2017-жылдын 11-сентябрында кол койгон Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестициялык өнүгүү стратегиялык келишимин аткаруу мөөнөтү сегизинчи ирет жылдырылып, 31-июлга белгиленди.

Бул ирет өкмөт «Centerra Gold Inc» компаниясы менен бүт суроолор боюнча бир пикирге келип, жаңы келишимдерге жетише алабы? Белгиленген датада кандай жыйынтык күтсөк болот?

Өкмөттүн маалымат кызматы бул маселе боюнча «Кыргызалтын» ишканасына кайрылуу керектигин айтса, «Кыргызалтын» тескерисинче, өкмөткө караштуу суроо экенин белгиледи.

Ал эми Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Эркингүл Иманкожоева бул маселени VI чакырылыштын депутаттары да, президент да чечерине көзү жетпесин айтат. Анын белгилешинче, өкмөткө бир нече ирет Кыргызстанга пайдалуу жолдор сунушталган. Бирок өкмөт эрктүүлүгүн, чечкиндүүлүгүн көрсөтө албай жатат.

— VI чакырылыштын депутаттары деле бул маселени чече алышпайт. Буга бир саясий чоң эрк керек. Канча жолу биз чечүүчү жолдорун айтып бердик. «Соттошобуз, эл аралык арбитраждык сотко берет», — деп эле корко беришет. Сотко берсе, бизде да аргументтер бар. Өкмөт өзү билбесе, бизден деле сураса болот. 15 жылдан бери мониторинг жүргүзүп келаткан иликтөөчүлөр бар.

Сапар Исаков жетектеген өкмөт «Centerra Gold Inc» компаниясы менен бул келишимге 2017-жылдын 11-сентябрында кол койгон. Ага ылайык, канадалык инвесторлор Ысык-Көл облусунун жээгине заманбап суу тазалоочу түтүктөрдү орнотууга 50 млн доллар, Онкология борборуна 10 млн доллар, жаңы геологиялык чалгындоолорго 10 млн доллар, баш-аягы 170 млн АКШ долларын которуу милдетин алган.

УКМКнын коррупция менен күрөшүү бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Максат Мамыткановдун пикиринде, бүгүнкү өкмөттүн Исаковдукунан өткөн келишим түзө алары күмөн. Себеби, кен байлыктарды иштеткен агенттикте Кыргызстандын кызыкчылыгына кызыкпагандар иштейт.

— Канадалыктар дагы кошумча биздин шарттарга, сунуштарга көндүбү? Көндүрө ала турган биздикилердин шайы барбы? Маселе ушунда. Чечкиндүү иш-аракеттерди жасаш үчүн саясий эрк керек. Андан тышкары, тоо-кен тармагын, экологияны терең түшүнгөн адистер катышуусу шарт. Бирок, бизде тескерисинче болуп жатат. Кен байлыктарды иштеткен агенттикке өмүр бою ошол «Centerra Gold Inc» компаниясы менен иш алып баргандарды койгон. «Centerra Gold Inc» компаниясы менен иш кылып жүргөндүн баары кыргыздын кызыкчылыгын коргойбу? Же канадалыктардын кызыкчылыгын коргойбу?

Ал эми Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын мурунку төрагасы Дүйшөнбек Кыргызбаевдин айтымында, бул ирет да жаңы келишимдерге жетишилбесе, «Centerra Gold Inc» арбитраждык сотко бериши мүмкүн. Андай жагдай Кумтөрдүн ишин толук токтотуп коюшу ыктымал.

— Сегизинчи жолу да кол коюлбай калса, аталган компания эч кандай кепилдик бербей туруп, бизди арбитраждык сотко бериши мүмкүн. Анткени, стартегиялык келишим кол коюлуп жаткан мезгилде ушундай шарт пайда болгон. Бүгүнкү күндө сотко берчү болсо, бул  долбоордо орчундуу маселени пайда кылат. Долбоор иштебей токтоп калышы да мүмкүн.

31-июлда «Centerra Gold Inc» компаниясынын жана кыргыз өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн Кумтөр кени боюнча айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү стратегиялык келишиминин мөөнөтү аяктайт.

31-майда келишимдин шарттарын аткаруу мөөнөтү 31-июлга чейин узартылган эле.

Copyright © 2017 Maral FM