Чүй облусундагы «Тазажан» кооперативинин базасында аймактардан келген дыйкандарга семинар болуп өттү. Анда фермерлерге үрөндү туура тандоо, заманбап технологияны колдонуу жолдору жөнүндө маалымат айтылды. Семинарга премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев да катышып, «Тазажан» кооперативинин дыйканчылыгы менен жеринен таанышты.
Эл дыйканчылыкты үйрөндү, бирок мал чарбачылык тиешелүү деңгээлге жете элек. Мындай пикирин премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев «Тазажан» кооперативи менен таанышуу учурунда билдирди. Өкмөт башчынын белгилешинче, фермерлер да, өкмөт да үрөнчүлүккө жана малдын асыл тукумдуулугуна көңүл буруусу зарыл.
— Айыл чарбасын, аймактарды өнүктүрүү боюнча эң башкы маселе эмне? Негизгиси — асыл тукум мал чарбасында. Дыйканчылыкта болсо — жаңы сорттор. Мына ушуларды калыпка келтирип алуубуз зарыл. Элибиз өз алдынча иштегенди жакшы эле үйрөндү. Бирок, малдын да, өсүмдүктөрдүн да сапаты жакшы болбой жатат. Ошондуктан, биз эң биринчиден үрөнчүлүккө жана малдын асыл тукумдуулугуна көңүл бурушубуз зарыл.
Ал эми Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев сырттан алып келинген жаңы сортторду колдонуу жолдорун жана мол түшүм алуу мүмкүнчүлүктөрүн бардык облустардагы дыйкандарга жайылтуунун маанилүү экенин белгиледи. Ал 3000 гектардан ашуун жерди ийгиликтүү пайдаланып жаткан «Тазажан» кооперативин жакшы үлгү катары атап өттү.
— Үрөндү биз гектарына орточо 25 центнерден алып жатабыз. Ал эми сырттан алып келинген сорттордон алынган түшүм 50-70 центнерге чейин жетет. Мен ойлойм, бул тажрыйбаны сөзсүз жайылтышыбыз керек. «Тазажан» кооперативи бугүнкү күндө 3000 гектар жерди пайдаланып жатат. Анын ичинде үлүш жерлер, ижарага алгандары бар. Бул чоң түрткү болушу керек. Себеби, айыл чарбасында ушундай чоң кооперативдер болсо, агротехникалык талаптарды колдонуу менен бир топ бийик сандарга жетүүгө болот.
Сырттан келген жаңы сорттордун баары эле дыйкандарга сунуштала бербейт. Ал кылдат лабораториялык текшерүүдөн өткөн соң, атайын талаптарга жооп берсе гана ар бир аймактын климатына жараша дыйкандарга сунушталат. Бул тууралуу айыл чарба илимдеринин кандидаты Таалайбек Айдаралиев айтып берди.
— Биз Кыргызстанга чет жактардан келип жаткан да, өзүбүздөн чыгып жаткан да сортторду экспертизадан өткөрөбүз. Андан соң элге сунуш берилет. Өлкө боюнча мындай сортторду сыноочу 13 станциябыз бар. Колдонулуп жаткан үрөнгө караганда, түшүмдүүлүгү жана башка сапаттары жакшы үрөндөрдү сунуштайбыз. Ошонун негизинде биздин дыйкандар айдап-сээп жакшы түшүм алышат.
Органикалык айыл чарба департаментинин директору Жанара Бакирова биокаражаттардын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди. Ошондой эле, ал органикалык айыл чарба технологиясын жайылтуу аракеттери 7 облуста тең жүрүп жатканын белгиледи.
— Органикалык айыл чарба технологиясын жайылтуу боюнча 7 облуста 7 окуу борборун ачтык. Ал жерде фермерлерди талаа мектептерине бириктирип окутабыз. Мисалы, «Органикалык жер семирткичтерди кантип өндүрүү керек? Кантип пайдалануу туура болот?» — деген сыяктуу. Ошонун баарын окугандан соң, фермер органикалык айыл чарба азык-түлүгүн өндүрүп баштайт.
Буга чейин айылдык дыйкан-фермерлерди айыл чарба техникасы менен камсыз кылууда мамлекеттик колдоо көрсөтүү, агроөнөр жай комплексинин машина-трактордук паркынын техникалык потенциалын жогорулатуу жана модернизациялоо максатында Өкмөттүн апрель айындагы буйругуна ылайык, 102,5 млн сом бөлүнүп берилген.
Бүгүнкү семинардын жүрүшүндө лизинг аркылуу техника алган дыйкандарга премьер-министр сертификаттарды тапшырды. Лизингге комбайн алган фермер Динислам Жуматай уулу өзүнүн жана элдин дан жыйноо көйгөйү жеңилдегенин билдирди.
— Бул техниканын кандай иштээрин бир жыл мурда көргөм. Менин өзүмдө 20 гектардай ижарага алган жерим бар. Ошого байланыштуу «Айыл Банктан» лизинг алдым. Бул техниканын өзүмө гана эмес, элге да пайдасы чоң болот. Дан өсүмдүктөрү жыйналып баштаган кезде комбайндар жетишпейт. Ошого кызыгып алдым.
Кошумчалай кетсек, айылдык товар өндүрүүчүлөр «Айыл Банк» ачык акционердик коому аркылуу дыйкандарга комбайн, трактор сыяктуу айыл чарба техникалары бир канча шарттар менен лизингге берилет.
Негизги шарттары катары төмөнкүлөр белгиленет:
— лизингдин мөөнөтү — 10 жыл;
— жылдык төлөм өлчөмү — 6 пайыз;
— алгачкы салымынын өлчөмү акчалай эсептегенде, лизинг техниканын наркынан 10 пайыздан кем эмес болушу керек.