Биз менен байланышыңыз

Миллиондордун «ээси» дагы деле белгисиз

Саясат | 10 Июл 2019 | 779 | 0

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу видеобаяндын негизинде жүргүзүлгөн иликтөөлөрүнүн алгачкы жыйынтыктарын чыгарды. Ага ылайык, тергөө учурунда Али Токтакуновдон жалпы суммасы 22 721 312 АКШ долларын түзгөн банктык документтер алынган.

Финпол «Ысмайыл Матраимов» атындагы фонддун эсебине 2014-2019-жылдары 1 млн 439 миң 348 АКШ доллары жана 221 миң 600 сом которулганын билдирди. Ошол эле учурда, Али Токтакуновдун иликтөөсүндө айтылган жалпы суммасы 2 миллиондон ашуун АКШ долларын түзгөн каражат «Исмаил Матраимов» атындагы фондго которулганы тастыкталбаганын айтты.

УКМКнын коррупция менен күрөшүү бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Максат Мамытканов Финполдун мындай жыйынтыктарын коомчулукту алаксытуу жана «Матраимовдордун фондунда кылмыш иши көрүнбөйт» деген түшүнүктү элге сиңирүү аракети катары баалады.

— Коомчулукту алаксытыш үчүн ушундай жылдырма маалыматтарды чыгарууда. Алар: «Фонддун буга тиешеси жок, башка бирөөлөрдүн  акчасы», — деп жатпайбы. Анысы: «Матримовдордун фондунда кылмыш иши көрүнбөйт», — деген түшүнүктү элге таңулоо аракети. Элдин оюн буруу максаты ачык эле көрүнүп турат. 

Финполдун маалыматында «Азаттыктын» иликтөөсүндө аты аталган Saimaiti Aierken, «Абдыраз» жана «Wufuli Bumailiyamu» компанияларынын банктык эсептери аркылуу 2010-2018-жылдары жалпысынан 646 миллион 879 миң 649 доллар чет өлкөлөргө жөнөтүлгөнү айтылат. Ошондой эле, ал акчалар текстиль товарларын сатып алуу тууралуу келишимдердин негизинде которулганы кошумчаланган.

Саясатчы Равшан Жээнбековдун айтымында, Кыргызстандан акча чыгаруу эркин жана мыйзамдуу болгондуктан, чыгарылган каражат айтылып жаткандан да кыйла көп. Ал эми алардын ээси ким экенин так аныктоо — мамлекеттик органдардын милдети.

-Чет элдик инвестициялар жөнүндөгү мыйзамга ылайык, Кыргызстандан акча чыгарууну эркин жана мыйзамдуу кылганбыз. Ошондуктан, мен ойлойм, сыртка андан да көп акча чыгарылат. Бирок ал акча кимдики? Аны албетте, укук коргоо органдарынын комиссиясы болобу, мамлекеттик органдардын комиссиясыбы, так иликтеп айтышы керек. Ар бир мамлекеттик институт терең изилдеп, так жыйынтык чыгарууну үйрөнүшү зарыл. Эгерде Матраимовдордун тиешеси бар болсо бар, жок болсо жок деп, коомго ачык-айкын, так маалымат айтылышы керек. Бул — аябагандай маанилүү.

29-майда интернетке тараган журналисттик иликтөө боюнча Финпол 9-июлда алгачкы жыйынтыгын чыгарды. Ал эми иликтөөнүн автору Али Токтакунов бул жыйынтык боюнча көз карашын билдирген макаласын жарыялады.

— «Азаттык» биринчи иликтөөсүндө: «Жүз миллиондоп сыртка которулган акча кимдики? Ал каражаттар кандай жол менен табылган?» — деген суроо койгон. Мына ушул негизги суроолорго Финполдун иликтөөсүнүн  9-июлдагы жыйынтыгында жооп айтылган жок. Аталган кызмат миллиондорду алган тарап «АКА» компаниялар тобу, анын артында турган Абибулла Абдукадыр жана ага жакын кишилердин ким экенин да тактаган эмес».

Copyright © 2017 Maral FM