Биз менен байланышыңыз

Бабановдун келем деген дымагы, саясаттагы салмагы

Саясат | 5 Июл 2019 | 1391 | 0

Жаш жигит депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Канатбек Исаев менен түшкөн сүрөтүн жана Өмүрбек Бабанов менен өзүнчө түшкөн сүрөтүн социалдык тармактардын бирине жүктөгөн. Интернет колдонуучулары сүрөттөр бир жерде тартылганын жазышууда. Google-карта менен текшерип көргөнүбүздө, сүрөттөгү «Buono» рестораны жана «Украина» мейманканасы Москва шаарындагы Кутузов көчөсүндө жайгашканы аныкталды.

Бул жагдай боюнча комментарий алуу үчүн эл өкүлдөрү Төрөбай Зулпукаров, Канатбек Исаев жана Руслан Казакбаев менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок.

Ал эми депутат Бактыбек Раимкулов кесиптештеринин сүрөтүн өзү да интернеттен көргөнүн жана алар менен бул боюнча сүйлөшпөгөнүн билдирди. Мындан сырткары, ал Өмүрбек Бабанов менен акыркы жолу 2017-жылы байланышканын кошумчалады.

— Мен бул боюнча эч нерсе айта албайм. Ушак экени же тескерисинче чындап жолукканы жөнүндө комментарий бере албайм. Так билсем айтмакмын. 2017-жылы 28-декабрда 10 чакты депутат видеобайланыш аркылуу сүйлөшкөнбүз. Бабанов өзүнүн оюн айтып, аягына чейин туруп бергенибиз үчүн ыраазычылык билдирген. Ошол акыркы сүйлөшүүбүз болгон.

«Эл өкүлдөрү Москвага депутат Асылбек Жээнбеков менен барган» деген имиштер айтылып, «Бабанов саясий айдыңда Жээнбековдор менен бирикти» деген билдирүү желдей тарады.

V чакырылыштын депутаты Нарынбек Молдобаевдин пикиринде, алдыдагы парламенттик шайлоодо каражат көп талап кылынат, мындан улам, Бабановду колдонуу аракети жүрүп жаткан болушу мүмкүн. Бирок азырынча так жыйынтык чыгарууга эрте.

— 2020-жылкы парламенттик шайлоо абдан кымбат болот. Ошого байланыштуу акча каражаты керек. Бийликтин партиясыбы, оппозицияныкыбы, айырмасы жок. Шайлоону акча чечип жатпайбы. Мүмкүн каражат жагынан пайдаланганы жатат. Бирок Бабановдун саясий аброю бүгүнкү күндө төмөн. Менин оюмча, ким жеңишке чукулураак болсо, Бабанов ошол тарапты алат. Азыр бийлик күчүндө. Ошол эле учурда, Атамбаев катуу «айкырып-өкүрүп» чыкты. Күзүндө абал кандай болору белгисиз. Саясатчылардын баары ошого байланыштуу жыйынтык чыгарат.

Бабанов — каражаты менен Бабанов, бирок анын саясий айдыңда мурункудай салмагы жок. Ошол эле учурда, каражаты жетиштүү, бийликтин колдоосуна ээ болгон жаңы күчтөр бар. Мындай пикирин саясат талдоочу Акылбек Сариев билдирди.

— Тилекке каршы, Бабанов өзүнүн мүмкүнчүлүгүн жоготуп койду. Ал келген менен мурункудай колдоо таппайт. Бабанов — эмне үчүн Бабанов? Ал — каражаты үчүн Бабанов. Ошол жакка басым кылса, балким бирөө-жарым колдоп чыгат. Бүгүнкү күндө бул жигитке караганда, каражаты көбүрөөк, бийликтин колдоосун тапкан башкасы табылды. Ортого чыкса, менимче, элдин баары бийлик тарапка ооп кетет. Ошондуктан, ага анча маани берүүнүн кереги жок.

2017-жылкы президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов саясаттан толук кетип, ишкерлик менен алектенерин айтып, Кыргызстандан чыгып кеткен.

Бабанов кайра саясатка кайтам десе, толук мүмкүнчүлүгү бар. Бирок ага өлкөдөн чыгып кеткени тоскоол болот», — дейт саясат таануучу Азамат Темиркулов.

— Биздин саясатта акчалуу адамдын салмагы оор болот. Ошондуктан, Өмүрбек Бабанов: «Кайра келем, саясатка кирем», — десе, акчасы жетиштүү. Демек, мүмкүнчүлүгү да бар. Ошол эле учурда, ал эмне себептен Москвада жүрөт? Ага кылмыш ишин ким козгоду? Ал киши менен кайра дос болору күмөн.

Ал эми саясат талдоочу Табылды Акеров бүгүнкү саясий абалды эске алганда, Бабановдун Кыргызстанга келери күмөн экенин айтат. Ал эми интернетке тараган сүрөттөрдү жаш жигиттин өзүнүн аброюн көтөрүү аракети катары баалады.

— Бабанов биринчиден, Кыргызстанга келбейт. Себеби, саясий абал түшүнүктүү болуп турат. Саясий элита мисалы, Атамбаевдин аракетин жактырбай жатат. Экинчиден, Бабанов күткөндү жакшы көрөт. Ал шашпай жыйынтык чыгарат. Үчүнчүдөн, Бабанов келсе, бийликке жакыныраак позицияда болгонго аракет кылат. Ал эми сүрөттөр жаш жигиттин аны менен эсептешип сүйлөшө турган адам катары түр көрсөтүп, аброюн жогорулатуу аракети болду го деп ойлойм.

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. Ал 2019-жылы апрель айынын башында Кыргызстанга келерин айтып, бирок 13-апрелде Москва аэропортунан баш тартканын жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM