Connect with us

«Шайлоо эрежелеринде эл күткөн өзгөрүү болгон жок»

Саясат | 2 Июл 2019 | 800 | 0

Жогорку Кеңештин 27-июнундагы отурумунда «Кыргыз Республикасынын Президентин, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө жана  референдум өткөрүү жөнүндө конституциялык мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору колдоо тапкан. Өзгөртүүлөрдү Президенттик Аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев жетектеген жумушчу топ иштеп чыгып, парламенттин 25 депутаты анын демилгечиси болгон. Коомчулукта шайлоо мыйзамдарында чукул өзгөрүүлөр болбогону талкууга алынды. Кабыл алынган мыйзам айрым топтордун кызыкчылыгын гана көздөөрүн айткандар да бар. 

Кыргызстанда 2020-жылы өтүүчү парламенттик, андан кийинки президенттик шайлоо жаңы мыйзамдар менен өтөт. Коомчулук «Президентти жана эл өкүлдөрүн шайлоо жөнүндө» мыйзам долбоорлору топтомунан орчундуу өзгөрүүлөрдү күтүп жаткан. Бирок кабыл алынган мыйзамда жаңы эрежелер эмес, техникалык өзгөртүүлөр гана киргизилгендигин Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева «Марал» радиосуна берген маегинде билдирген. Ал мындан сырткары, парламенттик шайлоого чейин шайлоо мыйзамдарына бир катар өзгөртүүлөр кириши мүмкүндүгүн кошумчалаган.

Ал эми, БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов өзгөртүүлөрдө майып жарандардын шайлоо укугу кеңейтилип, чет өлкөдө жүргөн жарандардын шайлоого болгон укугун кеңейтүүгө багытталган ченемдер киргизилгенин айтып берди.

— Биздин жарандардын шайлоого болгон укукгун камсыз кылууга багытталган ченемдер киргизилди. Анын бири чет өлкөлөрдө добуш берүү участкаларын көбөйтүү жана тизмелерди тактоо. Баарыбызга белгилүү болгондой, статистикалык маалыматтар боюнча 3 миллион 700 миңдин тегерегинде 18 жаштан жогорку жарандар бар. Ал эми шайлоочулардын тизмеси азыркы күндө 3 миллион 200 миңдин тегерегинде болууда. Мындан сырткары, майып жарандардын шайлоого болгон конституциялык укугун камсыз кылууну көздөгөн бир топ ченемдер кабыл алынды.

«Адилеттүүлүк үчүн»  комитети шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында тегерек үстөл өткөрүп, ага ЖК депутаттары, укук коргоочулар, саясий партиялардын өкүлдөрү жана активисттер катышкан. Жыйындын негизги максаты алдыдагы шайлоону таза, так, адилеттүү өткөрүүгө өбөлгө боло турган мыйзам түзүү болуп, бир катар сунуштар айтылган. Бирок бул бул сунуштарды кабыл алынган мыйзамдын авторлору эске албаганын, бийликке керектүү гана өзгөртүүлөргө артыкчылык берилгенин укук коргочу Рита Карасартова белгиледи.

— Башында сунушталган 4 мыйзам долбоорун чогуу карайлы десек, алардын баарын биринчи окуудан өткөрүп, макулдашуу комиссиясы түзүлмөк экен. Тилекке каршы, мамлекетке таандык болгон топтун маселесин карашты, башкалары четте калды. Тагыраак айтканда, бийликке керектүү мыйзам утуп кетти. Булар кийин келгенде да, «Бийликти өзүбүз каалагандай башкарабыз», — деген ойлору бар окшойт. 9 пайыздык босогосу да эч качан тынччылыкка алып келбейт. Мындай жогорку босогону административдик ресурс менен гана өткөрсө болот. Бул: «Бийлик каалаган гана партия келет», — дегенди билдирет.

9 пайыздык босогону төмөндөтүү керек экенин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Туратбек Мадылбеков да билдирди. Анын пикиринде, бүгүнкү көрсөтүлгөн босого жаңы, жаш партиялардын укугун тебелегенге барабар.

— 9 пайыздык босого биз үчүн аябай чоң. Менин оюмча, 5 пайыздык чек туура болот. Көп учурда 100-120 миң добуш алып, бирок Жогорку Кеңешке мандат албай калууда. Эң көп дегенде 7 пайыздык босого койсо болмок. Азыркы учурда жаш, жаңы партиялар да катышуу ниеттерин айтып келет. Алардын да укугун тебелебөө үчүн босого пайызды төмөндөтүү керек.

Ал эми саясий серепчи Акылбек Сариевдин айтымында, мыйзамга өзгөртүү киргизилди делгени менен олуттуу өзгөрүү байкалган жок. Ошондой эле, жеке кызыкчылыктар эске алынып кетти.

— Тилекке каршы, өтө олуттуу өзгөртүүлөр киргизилген жок. Майда-барат, анча маанилүү деле эмес болду. Жумушчу топ: «Жалпы 7-8 мыйзамга өзгөртүү киргизилди», — деп кабыл алды. Бирок ошонун баарында көнгөн адат боюнча Жогорку Кеңешти шайлоо тууралуу эле кеп болуп жатат. Бул кызыкдар тарап үчүн экени билинип турат. Аларга башка мыйзамдардын тагдыры маанилүү эместей көрүнөт. «Төрт  топ биригип, макулдашуу комиссиясын түзүп, бирөөнү сунуштайбыз», — деген сөз жүргөн. Андай болгон жок. Демек, алардын сунушу келечекте да эске алынышы күмөн.

Мыйзам кабыл алынганга чейин шайлоо процессин өркүндөтүүгө багытталган жалпы 4 долбоор сунушталган. Бирок жалгыз Президенттик Аппараттын жетекчилиги астындагы жумушчу топ иштеп чыккан мыйзам кабыл алынды.

Парламенттик шайлоого чейин шайлоо мыйзамдарына бир катар өзгөртүүлөр кириши мүмкүн экени айтылганы менен шайлоого бир жыл калганда, эч ким оппозицияга чыгууну каалабаса керек.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда 2020-жылы парламенттик шайлоо өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM