Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин тарапташтарынын акциясынан эмнени күтсөк болот?

Саясат | 1 Июл 2019 | 1227 | 0

3-июлда «Медиа Форум» имаратынын алдында «Соке болбой калды» аталышындагы митинг өтөт. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары социалдык тармактарга жазды. Акция тууралуу Атамбаев өзү да 30-июнда Кой-Таштагы үйүнүн алдында топтолуп турган тарапкерлеринин алдына чыккан учурда билдирип, митингге катыша турганын кошумчалады. Митинг эмнени көздөйт, максатына жете алабы? Бул боюнча сурамжылоо жүргүзүп көрдүк. 

«Эски элита» кетсин! Жаны элдик лидерлер келсин!» Ушундай ураандын алдында мурунку президент Алмазбек Атамбаев катышкан митинг өтөт. Акциянын катышуучулары «чукул арада парламенттик жана президенттик шайлоону өткөрүү» талабын коюшат. Бул тууралуу КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адиль Турдукулов билдирди. Ошондой эле, ал митинг тынч өтөрүнө кепилдик берерин кошумчалады.

— Биз биринчи жолу митинг өткөрүп жаткан жокпуз. КСДП — эң көп митинг өткөргөн партия, эки революциянын башында турган. Биздин негизги талап: чукул арада парламенттик жана президенттик шайлоо өткөрүү. Эч качан биз тараптан же Атамбаев тараптан чагымчылык болгон эмес. Бул ирет да митинг тынч өтөрүн баса белгилейбиз. Бирок бийлик тараптан ортого чок таштоо, чагымчыл аракеттер болуусу мүмкүн.

Кырдаал күтүүсүз жерден өзгөрүшү ыктымал. Андыктан, митингде коопсуздук негизги маселе болуусу зарыл. Мындай пикирин билдирген саясий серепчи Марат Казакпаев Атамбаев катыша турчу акцияны чагымчыл аракет катары баалагандар да бар экенин айтты.

— Штабда таш төгүлгөнү сыяктуу окуяларды угуп жатабыз. Кан төгүлбөшү керек. Эгер кан төгүлсө, анда чагымчылык болот. Бул аракеттер Атамбаевдин атайын уюштурган чагымчылыгы экендиги жана үчүнчү революция жасай тургандыгы жөнүндө сөздөр айтылып жатат. Бирок ишенебиз, Атамбаев андай жолго барбайт, ошол «Медиа Форумдагы» митинг менен эле акция жыйынтыкталат.

Ал эми Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору, саясат талдоочу Алмаз Акматалиев сөз болуп жаткан митингди ачык эле чагымчылык катары баалайт. Анын белгилешинче, Алмазбек Атамбаевдин бул кадамдары жоопкерчиликтен качуу. Бирок жыйынтыгы ал күткөндөй болору күмөн.

— Колдоочулар таңдан-кечке Атамбаевдин короосунда жата бербейт болчу. Булардын «Кандайдыр бир топту чогултуп чыгабыз» деген планы болсо керек. 3-июлдагы митинг аталышы дагы, максаты да баары Атамбаев тарабынан жасалчу эң чоң чагымчылык деп эсептейм. Өзүнүн жоопкерчилигинен качкан кадамдарынын бири. Атамбаев коомдук пикирди, медианын баарын бийликке карама-каршы коюу максатын көздөп жатат.

Жаңы сөздөр Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинин алынгандыгы боюнча эле болбосо, бул акциянын буга чейинкилеринен айырмасы болбойт. Мындай оюн саясий серепчи Марс Сариев билдирди.

— Мурунку менен азыркы митинги бири-биринен айырмаланбайт болушу керек. Буга чейинки акциялары бийликке нааразычылык таризинде өткөн. Жаңы кошулуп калчу маселе экс-президенттин макамынын алынганы болушу мүмкүн. Ошондой өңүттө мурункуга караганда катуураак өтсө керек. Уюштуруучулар өзүн кандай көрсөтөрү башка, бирок бийликтин ага болгон жообу кандай болот — ошол маселе. «Оюндан от чыгат» дегендей, кокустук болбосо эле, кадимки митинг катары өтүп кетиши мүмкүн.

Ал арада Атамбаевге байланыштуу окуялар тууралуу экс-президент Роза Отунбаева үн катты. Анын пикиринде, азыркы бийликти «Бакиевдин жолунда» деп атоо өлкөнү бөлүп-жаруу менен барабар. Ошондой эле, кол тийбестик макамынан ажыраган соң, куралдуу каршылык көрсөтөм дегенин саясий алсыздык катары сыпаттайт.

Аялдардан, карылардан жана жаш жигиттерден айланасына чеп куруп алып, «тергөө-иликтөө үчүн келишсе, куралдуу каршылык көрсөтөм» деп жатат. Муну өзү оппозициялык ишмердик жана жеке эрдик катары кабыл алууда. А чындыгында, бул анын саясий кудуретсиздигин жана адамдык жактан алсыздыгын көрсөтөт. Алмазбек Атамбаев коомчулукта конфронтацияны, радикализмди, келишпестиктерди жарата турган бөлүп-жаруучу түшүнүктөрдү таратуу чеберчилигин эң жакшы билет. Ушул күндөрү Атамбаев укуктук аракеттерге каршы иштерге даярдык катары баалоого боло турган бир нече жагдайларды айтып жиберди. Бүгүнкү күндө эл туруктуулукту талап кылат жана ар кандай укмуштуу окуяларды колдоого албайт.

Кошумчалай кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинен ажыратуу маселеси көтөрүлгөндөн бери анын Кой-Таштагы үйүнө тарапташтары чогулган. Ал жерде атайын штаб түзүлүп, журналисттер үчүн маалымат борбору да ачылганы айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM