Биз менен байланышыңыз

Депутаттар кайда барып эс алат?

Саясат | 1 Июл 2019 | 925 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттары 27-июндан тартып жайкы эс алууга тарады. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков парламент бул убакытта 102 мыйзам, 539 токтом кабыл алынганын айтты. Эми депутаттар шайлоочулар менен жолугушуп, андан кийин бир ай эс алышат.

Парламенттин кезектеги сессиясы аяктап, эл өкүлдөрү  эс алууга чыгышты. Жогорку Кеӊештин регламентине ылайык,  депутаттар 1-июлдан тарта өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барышат. Ал эми август айында эмгек өргүүсүндө болушмакчы. Ушуга улай, эл өкүлдөрүнөн эс алууну кайда өткөрөрүн сурадык.

Депутат Айсулуу Мамашова балдары менен чогуу, шаардын четиндеги эс алуу жайларына, же Ысык-Көлгө барып эс аларын айтты.

— Бош убактымды көбүнчө балдарым менен өткөрүүгө аракет кылам. Өлкө ичинде эле, шаар четиндеги эс алуу жайларына барып, таза абада үй-бүлөбүз менен эс алабыз. Ал эми чет өлкөгө кичинекей балдарым менен бара албайм. 

Ал эми депутат Максат Сабировдун эс алууга убактысы деле болбойт, себеби, жайкысын эл менен жолугушууларды уюштурат. Антсе да, ара-чолодо үй-бүлөсү менен эс алуу жайларына барууга убакыт табат.

— Бир ай аймактарга барып, эл менен жолугушууларды уюштурабыз. Негизинен эс алууга көп деле убакыт болбойт. Кыргызстанда эле тоолорго, жайлоолорго жана башка эс алуу жайларына барганга аракет кылам.

Учурда Баткенде жүргөн депутат Карамат Орозова Кыргызстандын ичинде эле болорун айтып, жылыга дарылануу үчүн Ысык-Атага барарын кошумчалады.

— Мен азыр Баткенде эс алып жаткан учурум. Чет өлкөгө чыкпайм, өлкөбүздүн ичиндеги кооз жерлерге, Ысык-Көлгө үй-бүлөм менен жыл сайын барам. Анан ден соолукту чыңдоо үчүн Ысык-Ата курортуна барып дарыланам.

Ал эми депутат Алмамбет Шыкмаматов өзүнүн айылында үй-бүлөсү жана бир туугандарынын курчоосунда эс алат.

— Шаардын ызы-чуусунан эс алуу үчүн айылга барам. Чет өлкөгө көп деле кызыкпайм, туулуп-өскөн айылыма барып, ата-энем, бир туугандарым менен чогуу болгонго аракет кылам.

Депутат Садык Шер-Нияз көпчүлүк учурда жайкысын чет өлкөдө өтө турчу ар кандай иш-чараларга чакыруу алып калат. Эгер быйыл жайда андай чакыруулар азыраак болсо, үй-бүлөсү менен Кыргызстандын мурда көрө элек жерлерине саякат жасоону мерчемдеп жаткан учуру.

— Көбүнчө чет өлкөгө конференция, фестивалдарга барам. Жайкы эс алууда жетишпей калган иштерди бүтүрөбүз. Албетте, үй-бүлөм үчүн убакыт таап, атайын эс алуу жайларына барабыз. Убакыт болуп калса Ысык-Көлгө барабыз, кээде бара албай калган учурлар да болуп калат. 

Белгилей кетсек, парламент депутаттары эс алууга өлкөнүн мурдагы башчысы Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыраткандын эртеси күнү кетишти. Ал эми келерки сессия, мыйзам талабына ылайык, сентябрь айынын биринчи жумуш күнүндө башталышы керек.

Copyright © 2017 Maral FM