Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин кол тийбестиги алынды, эми эмне болот?

Саясат | 28 Июн 2019 | 882 | 0

Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик макамынан ажыратуу боюнча чечим кабыл алган. Анда 103 депутат макулдугун берсе, 6 депутат каршы добуш билдирген.

Макамынан ажыратылган Атамбаевдин 5 айыпка тиешеси болушу мүмкүн экенин башпрокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште айткан болчу.

— Кой-Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамда каралган тартиптерди бузуу жолу менен алды деген айып, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна тиешеси бар деген айып, акча адалдаган «Ака инвест» компаниясына тиешеси болушу мүмкүн деген айып, ЖЭБди реконструкциялоодо коррупцияга аралашкан деген айып жана ЖЭБге көмүр ташыган компаниянын кызыкчылыгын коргогон деген айып боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп жатат. 

Жогорку Кеңештин кабыл алынган токтомунан соң, мурдагы мамлекет башчыга укуктук баа берүү ишин тергөөдөн баштоо керек. Эмгек сиңирген юрист Мукар Чолпонбаев ушундай пикирде. Анын айтканына таянсак, Атамбаев экс-президенттик макамынан ажыраганы менен айрым кепилдиктери сакталып калат. Тергөөдө айыбы далилденип, камакка алынганда гана ал мүмкүнчүлүктөн ажырайт.

— Башкы прокуратура Жогорку Кеңештен Алмазбек Атамбаевди жоопко тартуу үчүн бир гана нерсени сурады. Бул боюнча укук коргоо органдары кылмышка шектүү адам катары тергөөгө келүүсү үчүн билдирүү жиберет. Натыйжада, «Жоопко тартылабы же жокпу? Кылмышка тиешеси барбы же жокпу? Сотко беребизби же бербейбизби», — деген маселени Башкы прокуратура чечет. Эгер тергөө учурунда камакка алынып, же соттун чечими күчүнө кирсе, Атамбаев мамлекеттик камсыздоодон ажырайт.

Эгер прокуратура карап жаткан 5 кылмыш иши боюнча далилдер табылып, Алмазбек Атамбаев убактылуу кармоочу жайга камакка алынса, автоматтык түрдө мамлекет берген артыкчылыктар жокко чыгат. Алар: турак жай, автоунаа, жардамчы жана жансакчы, маяна, медициналык кепилдиктер. Азыр көзөмөл органдары Атамбаевге эч кандай чакыруу жөнөтө элек. Бул тууралуу КСДПнын юристи Нурбек Касымбеков айтты.

— Чындыгында Атамбаевдин кылмыш кылганына далили бар болсо, көзөмөл органдары тергөө боюнча чакырык жөнөтмөк. Ага эч кандай документтер түшкөн жок. Бул үстүртөн буйрук болгонун депутаттар өздөр деле айтышты. «Президентти колдоп коелу», — деп жатса, укук коргоо органдары эмне кылмак эле. Ошол эле мезгилде ЖЭБ боюнча анализ жүргүзгөндө эч кандай факт таба алышкан жок. Бул — жөн гана саясий куугунтук.

Кандай болгон күндө да мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев мамлекет талап кылган милдеттерди аткарышы керек. Мындай пикирин саясат талдоочу Алмаз Акматалиев билдирди. Анын баамында, Атамбаев тергөөгө чакырылып, бирок баш тарта турган болсо, ага башка жагдайлар боюнча да иш козголушу мүмкүн.

— Кол тийбестиги алынды. Тергөө жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул боюнча Башкы прокуратура алектенеби, же башка кызматка тапшырма берилеби, бул — башка маселе. Биздин мыйзамдар боюнча күнөө коюлса, суракка келүүгө милдеттүү. Эгерде баш тарта турган болсо, дагы бир мыйзамдын 3-4 беренелери боюнча иш козголот. Ошондуктан, кырдаалды Атамбаев тандашы керек.

Маалым болгондой, Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары 28-июнда таң эрте мамлекеттик күзөтчүлөр кеткендигин айтып чыгышкан. Бирок, УКМК бул маалыматты четке кагып, Атамбаевди кайтаруучулардын саны мурдагыдан кемибегенин билдирген.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш 27-июнда Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик макамынан ажыратуу боюнча токтом кабыл алды. Мындай чечим Борбордук Азияда алгачкы жолу болуп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM