Биз менен байланышыңыз

УКМК: Атамбаевден мамлекеттик күзөт алынган жок

Кыска кабар | 28 Июн 2019 | 626 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кайтарган күзөт кызматкерлеринин алынып салынганы тууралуу таркатылган маалымат чындыкка дал келбейт. Мындай билдирүүнү бүгүн Улуттук коопсуздук комитети таратты.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда Атамбаевди кайтаруучу күзөт кызматкерлеринин саны мурдагыдан кемиген жок.

УКМК мурдагы президенттин коопсуздугу үчүн зарыл болгон учурда дагы кошумча күзөт кызматкерлерин берүүгө даяр экенин билдирет.

Copyright © 2017 Maral FM