Биз менен байланышыңыз

«Орусияга салыштырмалуу Кыргызстанда ишкерлерди колдоо жокко эсе»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Июн 2019 | 521 | 0

Кыргызстанда Орусияга салыштырмалуу ишкерлерди колдоо жокко эсе. Мындай пикирин Орусиядагы эл аралык ишкерлер ассоциациясынын президенти Эльмира Эшанова «Маралда» өткөн тегерек үстөлдө билдирди.   

Анын айтымында, Кыргызстанда ишкердикти жайылтуу жаатында документ топтоо оор. Кадимки маалыматтарды алуу да абдан татаал. Кыргызстанда баштала элек жатып, бизнеске бут тосуулар болот.

«Мага мыйзамдар такыр иштебегендей таасир калтырат. Ишкерлерге жакшы шарт түзүлгөндө мамлекетке салык төлөшмөк. Сырттан келген инвестордун каражаты чет өлкөгө кетет. Алар жумушчу орундарга да өздөрүнүн өлкөсүнүн жарандарын коёт. Ал эми кыргыздарга ошол ишти улантып кетүүгө да мүмкүнчүлүк түзүлбөй жатат», — дейт Эшанова.

Ал кошумчалагандай, кыргыздын мыкты балдарынын пайдасын башка мамлекеттер көрүп жатат. Кыргызстанда кадр маселеси төмөндөп кетти. Анткени, кызматка кесипкөй эмес адамдар келүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM