Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратура: Алмазбек Атамбаевге коюлган айыптар негиздүү

Кыска кабар | 25 Июн 2019 | 650 | 0

Жогорку Кеңештин атайын комиссиясы тарабынан Алмазбек Атамбаевге коюлган алты айыптын бешөөнө экс-президенттин тиешеси болушу мүмкүн. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бүгүн Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин талкуусу учурунда билдирди.

«Коюлган алты айыптын биринчиси негизсиз деп табылды. Калган бешөөндө кылмыштын белгилери байкалып турат», — деди Жамшитов.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин комиссиясы Атамбаевдин алты кылмышка тиешеси бар болушу мүмкүндүгү тууралуу корутунду чыгарып, ага юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөткөн.

Бүгүн көзөмөл органдын тыянагы комиссияга келип, ал комитетте каралып, депутаттар башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун билдирүүсүн угушту.

Башкы прокуратуранын чечимин уккан тармактык комитет Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу боюнча маселени Жогорку Кенештин кароосуна жиберди.

Copyright © 2017 Maral FM