Биз менен байланышыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков Муктар Жумалиевди жаңы кызматка дайындады

Кыска кабар | 20 Июн 2019 | 409 | 0

Муктар Жумалиев Кыргызстандын Европа Биримдигиндеги жана ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү, Франциядагы жана Нидерланддар Королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу Президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Президенттин буйругуна ылайык, Кыргызстандын Бельгия королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Муктар Жумалиев эми жогоруда айтылган элчилик иштерди Брюссель шаарындагы резиденциясы менен айкалыштырып алып барат.

Copyright © 2017 Maral FM