Биз менен байланышыңыз

Атамбаевге артылган дооматтар

Саясат | 17 Июн 2019 | 184 | 0

Мыйзамга ылайык, Кыргызстандын экс-президенти макамынан ажыратылгандан кийин гана жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн. Мындан улам, Жогорку Кеӊеште экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы күнөө коюу маселеси боюнча корутунду берүү үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Демилгечилер Атамбаев президенттик ыйгарым укуктарын аткарып жаткан учурда көптөгөн мыйзам бузууларга жол бергенин белгилешет. Ошол эле учурда, депутаттык комиссиянын жүргүзгөн аракеттеринин мыйзамдуулугу гана эмес, түзүлүүсү жана алардын калыстыгына күмөн бар экендигин айткандар да бар. 

Негизи, жайдын келиши менен Кыргызстанда саясий активдүүлүк басаңдайт. Бирок бул жылы эмес. Эл өкүлдөрү каникулга кетерине аз убакыт калганда коомчулуктун көңүлүн бурган, маанилүү делген маселелердин бирин да күзгө калтырбай, аз убакыт аралыгында чекит коюп кетүүнү чечишти. Жогорку Кеңеште экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы күнөө коюу маселеси боюнча корутунду бере турган атайын убактылуу комиссиянын алгачкы ачык жыйыны болуп өттү.

Депутат Талант Мамытов демилгечилер тобунун Жогорку Кеӊештин төрагасына жазган кайрылуусу менен тааныштырып, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин президенттик ыйгарым укуктарын аткарып аткан учурда көптөгөн мыйзам бузууларга жол бергенин белгиледи.

— Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда, 123 чет өлкөлүк адамга, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрүнө ок атуучу куралдарды тартуулаган. Андан тышкары, Алмазбек Атамбаев жерди транформациялоого мораторий жарыяланганына карабастан, 39,65 гектар жерди мыйзамсыз жайыт категориясына которткон. «Дастан» ишканасынын айрым жетекчилеринин көмөгү менен Арашан айыл аймагынан жер алып, анда жеке турак жай салган. Ошондой эле, Атамбаев мамлекет башчысы болуп турганда анын жеке буйругу жана көзөмөлү астында, кылмыш жазасын өтөп жаткан «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаев түрмөдөн мыйзамсыз бошотулган.

 Депутаттык комиссиянын ишти кароосуна 7 күндүк мөөнөт берилген. Эл өкүлдөрү жоопкерчиликти так белгилешти, тагыраагы, Атамбаевге каршы белгилешти. Мындай пикирин айткан КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Нурбек Касымбеков Жогорку Кеңештин комиссия түзүү жөнүндөгү токтому Конституцияга каршы келерин төмөнкүчө түшүндүрдү:

— Жогорку Кеңеш 4-апрелде «экс-президентти жоопко тарса болот» деген жаңы мыйзам кабыл алышты. Ал 27-майда күчүнө кирди. Ага чейин экс-президенттин кол тийбестиги абсолюттук болчу, жоопко тартуу мүмкүн эмес эле. Конституциянын 28-беренесинин 1-бөлүгүндө: «Адамдын жоопкерчилигин белгилөөчү же оорлотуучу мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт», — деп айтылат. 27-майда ошол мыйзам күчүнө кирдиби? Эми алар: «Атамбаев иштеп кеткен 2011-2017-жылдарга колдонобуз», — деп жатышат. Конституцияга каршы келип жатпайбы?

Күнөөнү коюш үчүн дыкат иликтеп, далилдерди таап, элди ынандырып, андан соң жоопко тартыш керек. Мындай оюн «Ата Мекен» партиясынын лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев «Азаттык» радиосуна берген мегинде айтты. Ал ошондой эле, башталган иштин жалпы Кыргызстан үчүн өтө маанилүүлүгүн белгилеп, кесиптештерин шашылбоого чакырды.

— «Шашкан шайтандын иши» дегендей, Атамбаевди бүгүн камап алып, эртең ал кол чабуулар менен чыгышын каалабайм. Кесиптештеримден кечирим сурайм. Бирок импичменттин деңгээлин Ош базардагы бир-бири менен кайым айтышкандардын, жеке таарынычтан өч алуунун деңгээлине түшүрүп коюшту. Ал мамлекеттик кызыкчылыктар, башмыйзамдын негиздерин бузгандыктан чыгып, бул келечеке сабак болуп, келечектеги президенттер: «Муну бузбай, так ушундай кылыш керек турбайбы», — деш үчүн импичмент кылыш керек. Өч алуу үчүн эмес, үлгү көргөзүш, прецедент түзүш үчүн президенттерди камаш керек.

Өлкөдө болуп жаткан саясий кырдаал боюнча саясатчы Азимбек Бекназаров атайын маалымат жыйын өткөрүп, өз оюн билдирди. Ал өз сөзүндө эл өкүлдөрүнүн аткарып жаткан аракеттерин сындап, түзүлгөн комисисиянын обьективдүү жыйынтык чыгарары күмөн экенине токтолду.

— Бүт депутаттар — Атамбаевдин «чимкириктери». Эртең келет дагы, «Эй, чимкириктерим, мага эмне дооңор бар?» — десе, «өңдү көрсө, жүз таят» болуп, Исак Өмүркулову баштап башын жерге салып, добуш бере албай калышат. Бул жерде комиссиянын калыстыгына, адилеттүлүгүнө күмөн пайда болуп калды. Айтып жатабыз: «Көз карандысыз коомчулуктан, юристтерден киргизгиле комиссияга», — деп. Атамбаевдин узурпаторлугу бар. Ал мыйзам алдында жооп бериши керек. Бирок ал укуктук чекте гана жооп берсин. Өч алуу максатында эмес. Ошол комиссияга Атамбаевди колдоп жаткан Карамушкина кириши керек, Анвар Артыков кириши керек. Мына ошондо калыстык болот.

«Парламентаризмге баратабыз», — деп жарыялаган соң, парламенттин бүгүнкү аракеттери мыйзамдуу, бирок Атамбаевдин маселесинде кечеңдегени коомчулукта талкуу жаратпай койбойт. Мындай оюн саясат талдоочу Жолборс Жоробеков билдирди.

— Биз 2010-жылдан бери «парламенттик республикабыз, парламентаризмге баратабыз» деп, бүт дүйнөгө жар салдык. Демек, ушул жагынан алып караганда, өлкөдөгү бардык иштерге парламенттин кийлигишүүсү, парламенттин баа берүүсү, талкуулашы — мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок Атамбаевдин маселесине келгенде, азыркы парламент бир топ кечеңдеген маселелерди көтөрүп жатат. Анткени, алар бүгүнкү комиссияны мындан 1-1.5 жыл, мүмкүн андан да мурдараак же президенттиктен кете элегинде түзүш керек болчу. Азыркы аракетттери албетте, коомчулукта талкуу, суроо жаратпай койбойт.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин убактылуу комиссиясы 13-июнда «КР Президентинин ишмердүүлүгүнө кепилдиктер жөнүндө» мыйзамдын 12-беренесине, «Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө» мыйзамдын 33-беренесине таянуу менен түзүлгөн, иштөө мөөнөтү – 7 күн.

Комиссиянын курамында депутаттар Каныбек Иманалиев, Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев, Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов, Канатбек Исаев, Алмазбек Токторов, Алтынбек Жунус уулу, Бактыбек Турусбеков бар.

Copyright © 2017 Maral FM