Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-Кытай: Ишкердик канткенде илгерилейт?

Саясат | 13 Июн 2019 | 611 | 0

Си Цзиньпиндин сапарынын алкагында Кытайда түрдүү багыттарда иш алып барган 100дөй компаниянын өкүлдөрү келип «Кыргызстан-Кытай» бизнес форуму болуп өттү. Анын жыйынтыгында 7,7 млрд долларлык 24 документке кол коюлду. Серепчилердин айтымында, Кытай лидеринин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары Кыргыз-Кытай мамилесинин бардык тармактан өнүгүшүнө жакшы өбөлгө болду. Ошол эле учурда көтөрүлүүсү керек болуп, бирок айтылбай калган маселелер да бар.

1992-жылдын 5-январында Бишкекте Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстандын ортосунда эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен Макулдашууга кол коюлган. Дипломатиялык мамилелердин башталганына быйыл 27 жыл толот. Бул аралыкта эки өлкө ортосундагы саясий, экономикалык мамилелер, анын ичинде соода, илим-билим жана башка тармактардагы кызматташтыктарды жаңы деңгээлге көтөрө алды. Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапарынын алкагында 14 документке кол коюлуп, кызматташтык дагы бир тепкичке жогорулады. Мындай маалыматты мурунку Экономика министри Арзыбек Кожошев берип, «Кытайдын бир аймагына эле өзүбүздүн өндүрүмдөрүбүздү жеткире алсак, чоң жетишкендик болмок», — дейт.

— Чоң долбоорлор жөнүндө айтчу болсок, Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан, Кытай аркылуу газ түтүгү өтөт. Бул да болсо, биздин бюджетибиз үчүн кошумча пайда. Ал эми соода-сатык боюнча, Кытай — чоң рынок. Бүгүнкү күндө экологиялык таза айыл чарба азык-түлүгүн экспорттосок болот. Биз 5-10 миллион эли бар бир провинциясы менен эле келишим түзүп алсак, зор мүмкүнчүлүккө жетишмекпиз.

Кытайдын 100гө жакын компаниясынын өкүлдөрү катышкан бизнес форумдун жыйынтыгында 7,5 млрд долларлык 24 документке кол коюлду. Келишимдер негизинен айыл чарбасы, кайра иштетүү, оор өнөр жайы, тоо-кен өнөр жайы, машина чогултуу, билим берүү, социалдык турак жай багыттары боюнча. «Бул тармактар жетишсиз», — дейт дипломат Мамбетжунус Абылов. Анын пикиринде, Кытай IT тармагында лидер өлкөлөрдүн катарында болгондуктан, Кыргызстандын ушул багытына да көңүл буруусу зарыл болчу.

— «Манас» эпосун театралдаштырганын эске албаганда, Кытай менен эки эле багытта кызматташуу жүрүүдө. Биринчиси инфратүзүмдү өнүктүрүүгө инвестиция тартылып жатса, экинчиси, таза суу менен камсыз кылуу. Ал эми заманбап технологияларга тиешелүү кызматташуу баштала да элек. Кытай IT тармагында дүйнөдө лидерлердин катарында. Мисалы, «Huawei» 5g байланышына жетишүүдө. Мындай технологиялар Европанын, Американын компанияларында да пайда боло элек.

 Буга чейин Кытай «Бир алкак — бир жол» долбооруна 3 триллиондон ашуун каражат бөлөрүн билдирген. Бирок бул долбоорго кыргыз тараптын жогорку деңгээлдеги сунуштамасы жок. Мындай пикирин билдирген эл өкүлү Марлен Маматалиев кыргыз тарап негизги делген темир жол маселесин көтөрбөгөнүн айтат.

— Канча жылдан бери айтылып келген, эң негизги суроолордун бири болгон маселе ишке ашпай калды. Бул — «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу. Бул — абдан чоң долбоор. Транзит аркылуу көп акча да түшмөк. Ушул долбоордун каралбаганы — өтө өкүнүчтүү. Атайын мамлекеттик сапары менен келип жаткандан кийин ушуга чекит коюп, чечип кетсе жакшы болмок.

Кыргызстан Кытай менен болгон кызматташууда экономикалык потенциал толук колдонулбай келүүдө. Буга Кытай менен Орусиянын ортосундагы көмүскө тиреш себеп. Мындай оюн экономист Эмил Уметалиев билдирди.

— Кытай «Бир алкак — бир жол», — деп өзүнүн Европага чейинки чоң саясатын билдирген. Орусия болсо, мурдагы Орус империясы ээлеген жерлерди «Биздин көзөмөлүбүздө болот», — деп жарыялаган. Мындан улам, биздин жерибизде булардын көмүскө атаандашуусунун таасири бар. Кытайдын өтө тез, көп экономикалык басым кылышына Орусия бийлиги макул эмес. Ошондуктан, Кыргызстан аркылуу Кытай менен Өзбекстанды байланыштырчу темир жол башталбай турат. Андан башка да биргелешпеген чоң саясаттын бизге таасири бар.

Кошумчалай кетсек, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Бишкекке мамлекеттик сапарынын алкагында келди. Мындан сырткары, ал 14-июнда Шанхай Кызматташтык Уюмунун самитине катышат.

Copyright © 2017 Maral FM