Биз менен байланышыңыз

Монголия менен кызматташуу жаңы тепкичке көтөрүлдү

Саясат | 12 Июн 2019 | 482 | 0

Бүгүн, 12-июнда Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулганы  «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук гвардиянын Ардак кароолунун коштоосунда тосуп алды. Салтанаттуу иш-чарадан соң, кеңири чөйрөдөгү жолугушуу болуп, анда эки тараптуу достукту бекемдөө, кызматташууну ар тараптуу  өнүктүрүү маселелери талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында коопсуздук, билим берүү жана маданият тармактарында кызматташуу боюнча жалпы 9 документке кол коюлду.

 «Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы саясий кызматташтык жаңы деңгээлге чыгууда». Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Мамлекет башчы эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү зарылчылыгын белгилеп, Монголиянын Кыргызстандагы элчилигинин ачылышы менен кызматташтыктын дарамети толук ачылып, мамилелер жаңы деңгээлге көтөрүлөрүн айтты.

— Бул расмий сапар биз үчүн абдан маанилүү. Биз тарыхы, маданияты, жашоо образы да жакын элбиз. Ар тараптуу кызматташуунун күн тартибиндеги бир катар маселелерди талкууладык. Алардын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык багыттар жана тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүүгө көңүл бурдук. Урматтуу президент мырза расмий сапардын алкагында Монголиянын Кыргызстандагы элчилигинин ачылыш аземине катышат. Элчиликтин ачылышы менен эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлге көтөрүлөт.

Жээнбеков мындан сырткары, Монголияга да Кыргызстандын өкүлчүлүгүн ачуу каралып жатканын, жакын арада Улан-Батордо Ардактуу консулдук ачуу планы бар экенин кошумчалады.

Ал эми, жолугушуу ачык, ишенимдүү болуп өткөнүн баса белгилеген Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга эки тараптуу жолугушууда моңгол-кыргыз алакасын жаңы багыттарда өнүктүрүү боюнча сүйлөшүү болгонун маалымдады. Ошондой эле, ал өз сөзүндө Кыргызстанды Монголиянын Борбордук Азиядагы башкы өнөктөшү деп атады.

— Биз моңгол-кыргыз алакаларын өнүктүрүү тууралуу сүйлөштүк. Өзгөчө саясат, коопсуздук, маданият жана билим берүү тармагын карадык. Ошондой эле, эл аралык жана аймактык кызматташууну талкууладык. Буга чейин демократиянын баалуулуктары тууралуу бири-бирибизге колдоо көрсөтүп, бири-бирибизге үйрөтүп келе жатканбыз. Мындан ары да экономика, каржылык, санариптештирүү боюнча кызматташтыкты өнүктүрөбүз. Борбордук Азиядагы башкы өнөктөшүбүз болгон Кыргызстан менен алакабызды мындан да жогорку деңгээлге чыгарууга кызыкдарбыз.

Жолугушууда жалпысынан 9 документке кол коюлду. Терроризм менен күрөшүүдө кызматташуу жөнүндөгү Макулдашууга кол койгон Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков кайсыл тармактарда кызматташуу жаңы багыт аларына кыскача токтолду.

— Ар кандай тармактагы жалпы 9 келишимге кол койдук. Терроризмге каршы күчтөрүбүздү бириктирип иш алып барууга келиштик. Бул келишимге колду мен койдум. Аткарылышы боюнча биз тараптан УКМК иш алып барат. Монголия Түркиянын авиакомпаниялары менен Кыргызстан аркылуу батыш өлкөлөрүнө чыгышат. Ошондуктан, бул багытта кызматташуу боюнча президенттерибиз чечим чыгарышты.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) төрагасы Алмаз Мамбетов Монголия менен Маалыматтарды топтоо борборун түзүү жана санариптештирүү  багытында тажрыйба алмашуу боюнча Келишимге кол коюшканын айтып берди.

— Монголия менен чогуу иш алып барабыз жана тажрыйба алмашуу болот. Келечекте Кыргызстанда маалыматтарды топтоо борборун ачууну көздөп жатабыз. Бул архивдин музейи сыяктуу болот. Андан тышкары, мамлекет башчылары санариптештирүү тууралуу да айтып кетишти. Алдыда ушул багыттар боюнча көп иштерди алып барабыз деп, келишимге кол койдук.

Монголия бүгүнкү күндө бат өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн катарында экенин экономист Кубан Чороев белгиледи. Ошондой эле, Кыргызстан кен иштетүү боюнча Монголиядан тажрыйба алса болорун, айыл чарба тармагында да кызматташуу керектигин кошумчалады.

— Монголия бүгүнкү күндө бат өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн катарында. Биз алардан чоң тажрыйба алсак болот. Кайсы жактан? Бул өлкө — биздикиндей эле алтын кендерине бай өлкөлөрдүн бири. Бул багытта ири  компаниялар менен кызматташууда алардын тажрыйбасы мол. Экономика жагына карасак, Кыргызстандан бир топ өндүрүм, азык-түлүктөрдү экспорттосок болот. Биз да алардан мал чарбасы жааатында тажрыйба алмашып, кызматташсак болот.

Мындан тышкары, Халтмаагийн Баттулга туризм чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүүнү жана Ысык-Көл жана Хяргас-Нуур көлүнө биргелешкен маршрутту иштеп чыгууну сунуштады. Ошондой эле, ал Сооронбай Жээнбековду Монголияга расмий сапар менен келүүгө чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM