13-14-июнда Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун Саммити Кыргызстандын төрагалыгы астында өтөт. Ага уюмга мүчө мамлекеттерден жана байкоочу өлкөлөрдөн 11 президент келет. Мындан улам, аталган уюмдун максаты, мааниси жана дүйнөдөгү орду боюнча серепчилердин пикирин угуп көрдүк.
Шанхай Кызматташтык Уюму 2001-жылы түзүлгөн. Ага алгач Кытай, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстан мүчө болуп, 2015-жылы Пакистан жана Индия кошулган. Кыргызстандын Түркиядагы жана Малайзиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус Абылов ШКУ алгач түзүлгөндө маанилүү уюмдай көрүнбөгөнүн, бирок бүгүнкү күндө таасирлүү бирикмеге айланганын айтат.
— ШКУ жаңы түзүлгөндө чоң саясий мааниси жоктой эле көрүнгөн. Кийин эле кытайлардын кыйындыгынан бул уюм аябай жогорку деңгээлге көтөрүлүп, таасирлүү бирикмеге айланып кетти. Бүгүнкү күндө дүйнөгө чоң саясий таасирин бере алат. Себеби, ШКУга чоң мамлекеттер да кирүүгө аракет көрүп жатат. Мындан улам, биз — Кыргызстан ШКУга мүчө болуу менен абдан туура кадам жасаганыбызды айткым келет.
ШКУда негизинен геосаясий маселелер талкууланат. Бирок бүгүнкүгө чейин экономикалык жетишкендиктер байкала элек. Мындай пикирин эл аралык мамилелер боюнча серепчи Чынара Эсенгул билдирип, уюмга байкоочу катары катышкан өлкөлөрдүн ордуна токтолду:
— ШКУ негизинен геосаясий окуяларды, маселелерди талкуулай турган платформа, аянт болуп саналат. Ал эми экономика жаатында чоң жетишкендик болду деп айтууга болбойт деген ойдомун.Анткени, башынан эле коопсуздук жана саясий маселелерге багытталган да. Кандай гана уюм болбосун, мүчө жана байкоочу өлкөлөрдөн айырмасы — бул, ачык талкууга катышып, сунуштарын айта алышат, башкалардын оюн да уга алат. Бирок акыркы чечимге таасирин тийгизе алышпайт.
Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө болуу өлкөнүн эң биринчи кезекте коопсуздугу жана экономикалык абалы үчүн маанилүү. Ошол эле учурда Кыргызстан ЕАЭБге да мүчө. «Эки уюмдун кайсы бир деңгээлде карама-каршылыгы бар», — деген оюн мурдагы Экономика министри Эмил Үметалиев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан ШКУга мүчө өлкөлөрдөн кайсы бир деңгээлде чектелген.
— Биз ЕАЭБге да кирип албадык беле, ШКУга да мүчөбүз. Ушул эки уюмдун кандайдыр бир деңгээлде карама-каршылыгы бар. Биз Шанхай кызматташтыгына мүчө болгонубуз менен ЕАЭБ бизди ШКУнун мүчөлөрүнөн чектеп койгон. Кытайдан, Индия жана Пакистандан дагы. Анткени, ЕАЭБдин эң алгачкы кадамы — бул, Бажы уюму. Бажы төлөмү жана бажы тоскоолдуктары аркылуу биз Орусия, Белоруссия сыяктуу өлкөлөр менен биригип, башка өлкөлөрдөн, дегеле дүйнөдөн чектелип калганбыз.
ШКУнун алдында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Визиттин алкагында 20 документке кол коюлары күтүүлүүдө. Тышкы иштер министринин мурунку орун басары Аскар Бешимов Кыргызстан Кытай менен болгон экономикалык потенциалын колдонбой жатканын айтып, Си Цзиньпиндин келишине карата ири долбоорлорду сунуштоо керектигин баса белгиледи.
— Апрель айында «Бир алкак — бир жол» аталышындагы чоң форум өттү. Кытайдын атынан алар: «Жакынкы 15-20 жылда биз бул демилгени өнүктүрүүгө 3 триллион акча сарптайбыз», — деп расмий түрдө жарыя кылышты. Көп өлкөлөр кошулуп, өздөрүнүн долбоорлорун сунуштап келишүүдө. Биз тараптан бир дагы долбоор бериле элек. Ошондуктан, мен ойлойм, азыр Кытайдын башчысы келгенде, Кыргызстан өзүнө жана аларга пайда бере турган долбоор сунушташы керек. Мамлекеттик сапар болгондон кийин ал жерге ишкерлер, жетекчилер да келет. Бул — абдан чоң мүмкүнчүлүк.
ШКУга дүйнөдө экономикасы алдыңкы катарда жайгашкан Кытай, коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл бурган Орусия жана жаңы технологияларды, ITни өнүктүрүү боюнча алдыда келаткан Индия сыяктуу өлкөлөр мүчө. Ал эми Кыргызстан үчүн экономика жана коопсуздук негизги маселелерден. Ошондуктан, өзүнүн кызыкчылыгын коргоо менен бирге, өлкөнүн ичиндеги саясий стабилдүүлүктү орнотуу зарыл. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Марат Казакпаев билдирди.
— Кыргызстандай өлкө үчүн бул — биринчиден, экономикалык коопсуздук жана социалдык, экономикалык жактан өтө маанилүү уюм болуп саналат. Кыргызстан өзүнүн добушу, ордун менен кызыкчылыгын коргосо болот. Бирок коргош үчүн өзүбүздө саясий стабилдүүлүк болуп, социалдык, экономикалык багытыбыз туруктуу өнүгүп турушу керек. Өзгөчө ушундай эл аралык уюмдарга мүчө болгондон кийин көп тараптуу, эки тараптуу келишимдерди так аткарсак, туруктуу болсок, дүйнөлүк системада туруктуу ордубузду алып, өнүгө беребиз.
Кошумчалай кетсек, буга чейин ШКУнун мамлекет башчыларынын саммити былтыр Кытайда өткөн. 2018-2019-жылдары Шанхай Кызматташтык Уюмуна төрагалык кылуу Кыргызстанга берилген.
ШКУнун жалпы аянты 34 млн. чарчы километрди түзүп, Евразиянын 60 пайызын ээлейт. Ал эми калкынын саны 3 миллиард 40 миллиондон ашуун. Бул — дүйнө калкынын тең жарымы.