Биз менен байланышыңыз

Атамбаев бийликтин коррупцияга каршы реалдуу күрөшүн талап кылат

Саясат | 7 Июн 2019 | 1647 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДПнын 8-июнга белгиленген «Коррупция менен реалдуу күрөшүү үчүн» митингине катышат. Атамбаевден тышкары, партиянын мүчөлөрү, коомдук кыймылдардын, бейөкмөт уюмдардын лидерлери, саясий партиялардын мүчөлөрү чакырылган. Анда азыркы бийликтен оппозициялык көз карашы бар жарандарды куугунтуктабай, жемкорлукка каршы бирдей күрөш жүргүзүү талап кылынат. 

Кыргызстанда «Коррупцияга каршы күрөш» деген чоң ураандын астында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эле айланасын тазалоо жүрүп жатат. Андыктан, 8-июнда чыныгы паракорлук менен күрөшүүнү талап кылган «Коррупция менен реалдуу күрөшүү үчүн» аталышындагы митинг болуп өтөт. Бул тууралуу КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева маалымдады.

— 8-июнда саат 11де «Форум» имаратынын алдында «Коррупция менен реалдуу күрөшүү үчүн» аталышындагы митинг өтөт. Ал митингге экс-президент Алмазбек Атамбаев да чакырылды. Мындан сырткары, саясатчылар, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү, жарандык активисттер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышмакчы. Ошондой эле, биздин абакта отурган партиялаштардын туугандары да келип, тынч митинг өтөт. Бүгүнкү күндө «коррупцияга каршы күрөш» деген чоң ураан менен жөн эле Атамбаевдин айланасын тазалоо жүрүп жатат.  

Сөз болуп жаткан митингге чакырылганын жана сөзсүз катышарын айткан саясатчы Равшан Жээнбеков: «Коррупцияга каршы күрөш деген сөздү жамынып, оппозициялык көз карашы бар жарандар куугунтукталып жатат», — деген пикирге кошулат. Анын айтымында, бул тууралуу Евробиримдик да билдирүү тараткан.

— Күрөш бир тараптуу жүрүп жаткандыгын Атамбаев эле эмес, мен да айтып жатам. Көптөгөн эгемендүү жарандык коомдун өкүлдөрү, түшүнгөн адамдар айтып келүүдө. Ошондой эле, эң маанилүүсү Евробиримдик да бул боюнча 10 күндөй мурун чоң билдирүү таратып, коррупция менен күрөш мурдагы оппоненттерге каршы, тандалма адамдарга гана жүрүп жаткандыгын айтышты. Мунун баары чындыкка дал келүүдө.

Ошол эле учурда, коррупцияга каршы күрөш бир тараптуу жүрүп жатат дегенге негиз жок экенин айткандар да бар. Саясий серепчи Жамгырбек Бөкөшевдин пикиринде, күрөшүү кандай түрдө жүрүп жаткандыгын эл өзү баамдап, көрүп турат.

— Бул ураанды түшүнсө болот, андай көйгөй бар. Ал эми Атамбаевдин тарапташтары бар, оратор, элге чыгып кенен сүйлөй алат, бирок электораты менен максатына жете албайт. Себеби, ЖЭБ сыяктуу маселелер боюнча коррупциялык иштерге тиешеси бар делип, эң жакын адамдары болгон Исаков, Илмиянов сыяктуулар айыпталып жатат. Менин оюмча, Атамбаевдин бүгүнкү күндө көпчүлүктөн колдоо табуу мүмкүнчүлүгү жок.

Бүгүнкү күндө коррупцияга каршы күрөш чындыгында жетиштүү деңгээлде, ар тараптуу болбой жатат. Мындан улам, паракорлук менен реалдуу күрөш жүргүзүүнү талап кылган туура. Бирок Атамбаевдин акциясы колдоо табары күмөн экенин саясат талдоочу Марат Казакпаев айтат.

— Эртеңки өтчү митигдин бир идеясы катары: «Коррупцияга каршы күрөш бар жактуу болуп жатат», — десе, албетте, мындай тыянак чыгаруу туура эмес деп ойлойм. Азыр паракорлукка каршы кандай иш-чаралар болуп жатканын, кайсыл маселе боюнча кимдер сурак берип жатканын элдин баары эле көрүп турат. Бул жерде  бир тараптуу болууда дегенге негиз жок.

Ал эми саячатчы Чынара Эсенгулдун айтымында, эгемен мамлекет болгондон бери коррупцияга каршы бир топ долбоорлор киргизилген. Ошол эле учурда, Кыргызстан көптөгөн окуяларды башынан өткөрүп, паракорлукка каршы күрөшүүнү саясатка аралыштырууга аракет жасагандар көп болгон. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө да коррупцияга каршы күрөшүү саясий күрөш менен чогуу жүрүп жатканына өкүнөт.

— Мисал катары «Раим миллион» деген окуяны алсак. Бирөөлөр айтып жатат: «Чындыгында ушул жагынан Жээнбеков туура эмес кылды, бир тараптуу болгону көрүнүп калды», — деп. Экинчи тарап: «Жок, андай деле эмес, чындыгында далилдерге таянып жыйынтык чыгаруу керек. Бул жерде андай жагдай жок», — деп айтышууда. Бул пикирге мамлекеттик органдар да кошулуп келет. Мени кооптондурганы, коррупцияга каршы күрөш өтө саясатташып кетти. Ушул боюнча кененирээк карап, мамлекеттин өзүндөгү паракорлукка каршы күрөшүү факторун аныктап алсак жакшы болот эле.

Маалыматка ылайык, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын митинги «Форум» имаратынын алдында саат 11де башталат. Бирок жакында Биринчи Май райондук сотунун чечими менен борбор калаанын негизги көчөлөрүндө нааразылык акцияларын уюштурууга 20-июнга чейин тыюу салынган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM